Редакцияот 18.03.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                           2008-жылдын 18-мартындагы                                              № 87 токтому менен                                                  бекитилген                  Кыргыз Республикасынын дипломатиялык               кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы                (протоколдук формадагы кийими) жөнүндө                                 ЖОБО                                     Жалпы жоболор      Бул Жобо  Кыргыз  Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызмат-керлеринин протоколдук формадагы кийиминин жана Кыргыз  РеспубликасынынАтайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринин расмий жолугушууларда жана кыз-маттык иш сапарларда кийүүчү формалык кийиминин көрүнүшүн, берүү ченем-дерин жана кийүү мөөнөттөрүн белгилейт.          I. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу      Элчисинин формасын кийүү укугуна ээ адамдардан башка Кыргыз       Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин            экипировкасы (протоколдук формадагы кийимдери)      1.1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлери(мындан ары - кызматкерлер) протоколдук формадагы кийимди (мындан ары -форма) расмий жолугушууларга катышканда жана кызматтык расмий иш сапар-ларда кийишет.     1.2. Форманын өзгөртүлгөн же  бекитилбеген  үлгүдөгү  предметтеринпайдаланууга жана жарандык кийим менен аралаш кийүүгө тыюу салынат.     1.3. Кызматкерлер форма менен Кыргыз Республикасынын  Тышкы  иштерминистрлигинин  жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекеме-леринин атайын каражаттарынын эсебинен камсыздалат.     Кызматкерге форма  берилбеген  учурда Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлигинин жана Кыргыз  Республикасынын  чет  мамлекеттердегимекемелеринин атайын каражатынан аны сатып алууга акча каражат төлөнөт,бирок эки жылда бир жолудан кем эмес берилет.     Төлөмдүн өлчөмү  форма  предметтеринин орточо рыноктук баасын эскеалуу менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер  министри  тарабынан  жылсайын  бекитилет,  ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигининформа кийимди жасачу же берүүчү уюмга форма предметтеринин (бештен  кемэмес) баасы жөнүндө суроо-талабынын негизинде белгиленет.     1.4. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын  кызматкерле-ринин формасынын предметтеринин сүрөттөмөсү:     Жүн кездемеден тигилген бешмант,  классикалык үлгүдө,  бир  жагынакымтыланма, кара же кара-көк, же кара-боз түстө.     Бешмант бир катарда жайгашкан 2 же 3 топчулуу болот.     Бешманттын жакасы кайырма, учасы түз тигилип, этегинде тилиги жок,жењдери кош тигиштүү.     Бешмант капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктүү.     Шымы түз,  классикалык үлгүдө, бешмант менен бирдей түстөгү бирдейматериалдан тигилет жана чогуу алганда костюмду түзөт (аялдар үчүн шым-дын ордуна - бешмант менен бирдей түстөгү бирдей  материалдан  тигилгенжана чогуу алганда костюмду түзүүчү юбка).     Эркек көйнөктүн түсү ак, узун жењдүү (аялдар үчүн көйнөктүн ордуна- блуза).     Галстук (эркектер үчүн гана).     Туфли классикалык үлгүдө, кара түстө.      1.5. Берүүнүн ченемдери жана кийүү мөөнөтү -----------------------------------------------------------------------|№|            Аталышы            |  Кийүү мөөнөтү  | Комплекттердин  || |                               |      (жыл)      |      саны       ||-|-------------------------------|-----------------|-----------------||1|Бешмант                        |        2        |        1        ||-|-------------------------------|-----------------|-----------------||2|Шым (же юбка)                  |        2        |        1        ||-|-------------------------------|-----------------|-----------------||3|Көйнөк (же блуза)              |        2        |        4        ||-|-------------------------------|-----------------|-----------------||4|Галстук                        |        2        |        2        ||-|-------------------------------|-----------------|-----------------||5|Туфли                          |        2        |        1        |-----------------------------------------------------------------------             II. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым                       укуктуу Элчисинин формасы      2.1. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кыргыз Республи-касынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы,  Кыргыз Республикасы-нын тышкы иштер министринин орун басарлары,  Кыргыз Республикасынын иш-теп жаткан Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери жана Кыргыз Республика-сынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси деген дипломатиялык рангга ээ,Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлдөрү,  ошондойэле  Кыргыз  Республикасынын  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери жанаАтайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи деген дипломатиялык рангы бар  отстав-кадагы жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарында 10жылдан кем эмес иштеген эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Ту-руктуу  Өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Эл-чисинин формасын кийүү укугуна ээ.     2.2. Кыргыз  Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисининформасынын сүрөттөмөсү:     Кыргыз Республикасынын  Атайын  жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин эр-кектер үчүн формасы эки жакка кымтыланма бешманттан жана шымдан  турат.Бешмант  ачык-сары-кызгылт  түстөгү  жогорку  сапаттуу (чесучи тибинде)кездемеден тигилет.  Бешмант  Кыргыз  Республикасынын  гербинин  сүрөтүтүшүрүлгөн алтын жалатылган алты топчулуу,  эки жакка кымтыланма болот.Бешмант жарым кынама түрдө бычылып, түз тигилген, жакасы кайырма, учасытүз тигилип,  этегинде тилиги жок, жењи кош тигиштүү. Бешмантта капкал-дырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар.     Кыргыз Республикасынын  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин фор-масы эки жакка кымтыланма бешманттан турат,  бешманттын жењдеринде жанапетлицаларында  айкалыштырылган  алтын түстөгү жиптер менен саймаланганулуттук символиканын жана эл аралык атрибутиканын элементтери бар.     Жењдердеги жана  петлицалардагы  саймалар жењде кызыл жана кызгылтсары түстөгү сегиз бурчтуу жылдызды кыюулап  турган  кызгылт  сары-кыз-гылт-көгүш   түстөгү  өрүлгөн  зайтун  бутагынан  жана  петлицада  кыз-гылт-көгүш түстөгү мамлекеттик гербдин  сүрөтүнөн  турат.  Петлицалардасайманын  жана  сүрөттүн жээктери сайманыкындай эле түстө жасалган жанадөмпөк келип улуттук оймо-чийменин айкалышкан түрүндө.     Кыргыз Республикасынын  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин фор-масы бешмант менен шымдан гана турат. Форма ак көйнөк, кара галстук жа-на кара туфли менен кийилет.     Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин  аял-дар үчүн формасы бешманттан жана юбкадан турат, маанилик белгилери жанасимволикасы боюнча эркектердин формасына толугу менен окшош.  Юбка түз,тиликтүү жана узундугу тизеден ылдый.     2.3. Бешмант жана шым (юбка) Кыргыз  Республикасынын  Тышкы  иштерминистрлигинин  жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери-нин атайын каражатынын эсебинен даярдалат.      2.4. Форманы берүү ченемдери жана кийүү мөөнөтү -----------------------------------------------------------------------|№|            Аталышы            |  Кийүү мөөнөтү  | Комплекттердин  || |                               |                 |      саны       ||-|-------------------------------|-----------------|-----------------||1|Бешмант                        |       5         |        1        ||-|-------------------------------|-----------------|-----------------||2|Шым (же юбка)                  |       5         |        1        |-----------------------------------------------------------------------