Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-марты № 102/11/2 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылга карата экономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы токтом кылышат: 1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Респуб-ликасынын Улуттук банкынын 2008-жылга карата экономикалык саясатыныннегизги багыттары жөнүндө
биргелешкен билдирүүсү жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын 2007-жылдын 11-майындагы № 17/40/2 "2007-жылга эконо-микалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Биргелешкен билди-рүүсү тууралуу"
токтому күчүн жоготту деп эсептелсин. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жана Кыргыз Республикасы-нын Улуттук банкына жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы И.Чудинов М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 27-мартындагы № 102/11/2 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылга карата экономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮСҮ 1. Макроэкономикалык саясат 2008-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары болуп толукбаалуу жумуштуулукка, туруктуу кирешеге жана экономикалык өнүгүүгө же-тишүү үчүн шарт түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынынжашоо дењгээлин жогорулатуу жана сапатын арттыруу эсептелет. Бул мак-саттарга жетишүү үчүн башкы шарттар макроэкономикалык туруктуулуктусактоо, мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу, ийкемдүү инвести-циялык саясат жана коррупцияга каршы күрөшүү болуп кала бермекчи. 2008-жылы макроэкономикалык саясат төмөндөгү көрсөткүчтөргө же-тишүүгө багытталат: - ИДКнын 8,0 процент дењгээлинде өсүшүнө; - инфляцияны 12-15 процент дењгээлде кармап турууга; - мамлекеттик бюджеттин жетишсиздигин ИДКга карата 2,2 проценткечейин кыскартууга; - орточо айлык эмгек акы 18,2 процентке өсүшүнө; - айыл чарба продукциясынын 4,1 проценттен кем эмес дүњ өсүшүнө. Бул үчүн 2008-жылы төмөндөгү милдеттер чечилет: - макулдашылган акча-кредиттик жана салык-бюджеттик саясаттыжүргүзүү; - рыноктук институттарды бекемдөө жана регулятивдик саясаттын ча-раларын натыйжалуу жогорулатуу аркылуу чакан жана орто бизнести өнүктү-рүүгө дем берүү; - чет элдик инвестицияларды кошо, жеке инвестициялардын өсүшүнөнегизсиз тоскоолдуктарды четтетүү жолу менен көмөк көрсөтүү; - "көмүскө" экономиканы легалдаштыруу; - мамлекеттик карыздын дењгээлин азайтуу; - азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү; - республиканын экономикасын өнүктүрүүдө Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын ролун жогорулатуу; - ички ресурстарды максималдуу пайдалануу, анын ичинде ири улуттукжана инвестициялык долбоорлор үчүн узак мөөнөттүү облигацияларды чыга-руу, банктарды капиталдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-нун ресурстарын пайдалануу, фонду рыногунда акцияларды ачык жүгүртүүменен мамлекеттик ишканаларды акционердик коомдорго которуу; - талдоодо жана болжолдоодо экономиканын энергия чыгымдуулугу, эм-гек өндүрүмдүүлүгү, калктын реалдуу кирешесинин дењгээли, жашоонунузактыгы сыяктуу экономикалык жана социалдык саясаттын негизги пара-метрлерин пайдалануу; - эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана энергиянын натыйжалуулугун жогорула-туу аркылуу экономиканын инфраструктурасын колдоо жана модернизациялоо. 2. Акча-кредиттик саясат 2008-жылы акча-кредиттик саясаттын негизги максаты болуп, калктынинфляциянын өсүшүн күтүүлөрүн кыскартуу, туруктуу экономикалык өсүүнүннегизги шарттарынын бири катары баанын жалпы дењгээлинин туруктуулугунажетишүү жана кармап туруу эсептелет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасы кабыл ал-ган сомдун "оома" алмаштыруу курсун карманат. Валюталык интервенциялар-ды жүргүзүү жөнүндө чечим ички рынокто чет өлкөлүк валютага сурам мененсунуштардын ортосундагы дисбалансты тењдөө, мезгилдүү жана сиекуляция-лык олку-солкулуктарды тегиздөө зарылдыгын эске алуу менен акча-кредит-тик саясатты ишке ашыруу максатында кабыл алынат. Акча массасынын баланстуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн ачык рыноктооперация жолдору менен акча массасынын көлөмүн жөнгө салуу ишке ашыры-лат. Акчага болгон сурамдардын өсүшүнүн башкы факторлору орто мөөнөттүүмезгилде жогорку экономикалык активдүүлүктү сактоо, инвестицияныөнүктүрүү, тышкы экономикалык ишти кењейтүү болот. Банк чөйрөсүндө тобокелдикти кыскартуу жана коммерциялык банктар-дын кредиттик капчыктарынын олуттуу өсүү фонунда тышкы факторлордунмүмкүн болуучу таасирин азайтуу максатында көзөмөлдөөнүн сапатын жого-рулатуу жана коммерциялык банктардын капиталдарына талаптарды көбөйтүүжолу менен банк системасын андан ары бекемдөө боюнча иш чаралар жүргү-зүлөт. Элдин коммерциялык банктарга ишенимин андан ары жогорулатуу үчүн2008-жылы депозиттерди коргоо системасын киргизүү боюнча иш улантылат. 3. Бюджеттик саясат Бюджеттик саясат мамлекеттин социалдык жана экономикалык милдетте-рин ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана ырааттуутүрдө бюджеттик тартыштыкты кыскартууга жана экономикага инфляциялыкбасымды тийиштүү түрдө азайтууга багытталган. 2008-жылга бюджеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөндөгү-лөр эсептелет: - мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу; - бюджеттик каражаттарды пайдалануунун экономикалык натыйжалуулу-гун баалоо системасын киргизүү; - мамлекеттик милдеттенмелерди жана социалдык кепилдиктерди атка-руу; - бюджеттин тартыштыгын азайтуу; - калктын жашоо дењгээлинде региондор аралык ажырымды кыскартуу. Ишканаларды жањылоо жана модернизациялоо, жањы лизингдик компания-ларды түзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн багытталган мамлекеттик кредиттердинсистемасын түзүү маселеси каралат. 4. Фискалдык саясат Салык саясаты биринчи кезекте, өлкөдө ишкердик активдүулүккө демберүүгө багытталат. Экономиканын субъекттерин өнүктүрүүнүн негиз салуу-чу факторлору болуп төмөндөгүлөр эсептелет: - салык саясатынын туруктуулугу жана алдын ала белгилүүлүгү; - салык жүгүнүн ырааттуу жана эсептелген жењилдетилиши; - салык системасын жөнөкөйлөтүү жана бюрократиядан арылтуу; - фискалдык органдардын ишинин ачык-айкындыгын, маалыматтык ачык-тыгын камсыздоо. Бул максатта бизнести жүргүзүү жана бюджетти туруктуу толтуруунукамсыз кылуу үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган Кыргыз Республика-сынын Салык кодексинин жањы редакциясы иштелип чыгат жана кабыл алынат. 2008-жылы төмөндөгүлөр каралууда: - негизги каражаттардын амортизациялык мөөнөтүн кыскартуу; - салык кызматынын уюштуруу структурасын жана милдеттерин оптимал-даштыруунун, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүүнүн эсебиненсалык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу; - ишкердиктин бардык түрлөрү үчүн салык салууда диспропорциялардыжоюу жана тењ шартты түзүү; - "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү. Бажы саясаты Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттери-нин тышкы экономикалык иштерин активдештирүү үчүн максимум ыњгайлуушарттарды түзүүгө багытталат. Бажылык жөнгө салуунун чөйрөсүндө төмөн-дөгү иш чараларды ишке ашыруу белгиленүүдө: - бажы төлөмдөрүн тескөө-башкаруу системасын жакшыртуу; - ташып келүүчү товарларды бажылык тариздөөнүн жол-жоболорун жөнө-көйлөтүү; - бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын өр-күндөтүү; - накталай акча түрүндөгү эсептешүүлөрдү кыскартуу жана бүтүмдөрдүнак акчасыз ишке ашырууга өтүү; - бажы кызматын модернизациялоо (чек ара боюндагы инфраструктураныэл аралык талаптарга жана стандарттарга ылайык келтирүү, Кыргыз Респуб-ликасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын куруу жана тех-никалык жабдуу); - Кыргыз Республикасынын бажы саясатын өнүктүрүүнүн 2008-2010-жыл-дарга карата Концепциясын иштеп чыгуу. 5. Мамлекеттик чыгымдардын саясаты 2008-жылы мамлекеттик чыгымдардын башкы максаты мамлекеттин соци-алдык кепилдиктерин өз убагында жана толук түрдө каржылоо жана экономи-калык өнүгүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү болот. Республикада жакырчылыкты кыскартууга жана экономикалык өнүгүүгөкөмөк көрсөтүү максатында мамлекеттик чыгымдардын саясаты Өлкөнү өнүк-түрүүнүн 2007-2010-жылдарга карата стратегиясында аныкталган артыкчы-лыктарга ылайык жана орто мөөнөттүү бюджеттик негиздин контекстинде со-циалдык секторду артыкчылыктуу каржылоого багытталат. 2008-жылы өлкөнүн бюджеттик саясатын аныктоочу Бюджетти орто мөө-нөттүү болжолдоону иштеп чыгуунун форматын жана жол-жоболорун өркүндө-түү боюнча иштер улантылат. Жакырчылыкты кыскартууга таасир көрсөтүүнүннатыйжалуулугун арттырууга мүмкүндүк берүүчү чыгымдарды көрсөтүүчүпрограммалык форматты ырааттуу жайылтуу улантылат. 2008-жылы республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттин өз арамамилелерин андан ары реформалоо пландаштырылууда. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акыны жогорула-туунун жана жакшыртуунун жардамы менен мамлекеттик башкаруу системасын-да квалификациялуу кадрларды кармап калуу саясаты улантылат. 6. Мамлекеттик карыз Тышкы карыздын жүгүн андан ары жењилдетүү максатында (2008-жылыИДКга карата 57 проценттен 2010-жылы 43 процентке) бюджеттик позицияныбириктирүү жүргүзүлөт жана Швейцария Конфедерациясы берип жаткан техни-калык жардамды пайдалануу менен мамлекеттик карызды башкарууну жакшыр-туу улантылат, ошондой эле капиталдар рыногун башкаруу жагындагы потен-циалды күчөтүү боюнча чаралар көрүлөт. Буга байланыштуу төмөндөгү чараларды көрүү пландаштырылууда: - мамлекеттик карызды башкаруунун оптималдуу тажрыйбага негиздел-ген орто мөөнөттүү стратегиясын киргизүү жана катуу сактоо; - жењилдетилбеген шартта мамлекеттик же мамлекет кепилдик бергентышкы карыздар үчүн баалуу кагаздарды чыгарууга тыюу салууну андан арыкармап туруу; - кандай гана болбосун заемдор боюнча 45 проценттин дењгээлиндебелгиленген минималдуу грант-элементти кармап туруу; - мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана терењдетүү; - каражаттар болгон учурда мурда чыгарылган рыноктук эмес карыз-дарды мөөнөтүнөн мурда жоюу. 7. Реалдуу секторду өнүктүрүү өнөр жайы 2008-жылы Кыргыз Республикасынын өнөр жай саясаты ушул сектордунартыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө, ошондой эле өнөр жайынын арттакалган жана социалдык маанидеги тармактарынын ишин жакшыртууга багытта-лат. Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн өсүшүн төмөндөгүлөрдүн эсебинен19,9 процент дењгээлге жетиштирүү болжолдонууда: - колдонуудагы кубаттуулуктарга жүк артууну жогорулатуу жана на-тыйжалуу пайдалануу, токтоп турган ишканалардын ишин жандандыруу; - өнөр жай ишканаларынын энергия чыгымдарын азайтуу жана энергияүнөмдөөлөрүн жогорулатуу; - жергиликтүү чийки заттарды, ресурстарды толук жана бүт бойдоништетүүгө, жогорку кошумча наркы менен товар өндүрүүгө багытталган иш-каналарды жана тармактарды өнүктүрүү; - көмүр ишканаларынын ишин жакшыртуу; - тигүүчүлүк бизнести өнүктүрүү үчүн шарт түзүү, Бишкек шаарынынтурак жай массивдеринде жањы тигүүчү ишканаларды куруу жана кесиптикбилим берүү системасы аркылуу кадрларды даярдоо; - ишканалардын финансылык абалын жакшыртууга көмөк көрсөтүүчү че-немдик укуктук актыларды ишке ашыруу; - негизги каражаттардын амортизациялоо мөөнөтүн кыскартуу, ошондойэле лизингдик системаны өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынынмыйзамдарын жакшыртуу. Айыл чарбасы Мыйзам базасын андан ары өркүндөтүү, жер рыногун өнүктүрүү, кре-диттик ресурстарга жетишүүнү көбөйтүү, камсыздандыруу системасын өнүк-түрүү, 2008-жылы айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү 4,1 процент дењ-гээлинде өстүрүү төмөндөгү иш чаралардын эсебинен камсыз кылынат: - Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө", "Дый-канчылыкта камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" мыйзамдарын кабылалуу; - агрардык секторду өнүктүрүүдө кластердик ыкманы киргизүү; - "Дан" улуттук программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - чарбаларды, айрыкча майда дыйкан чарбаларды структуралык жактанөзгөртүү (кооперативдердин ар түрдүү формаларын жана бирикмелердин баш-ка түрлөрүн ыктыярдуу негизде түзүү); - сугат системаларын калыбына келтирүү жана суу чарбасынын өндү-рүштүк фонддорун жањыртуу; - калктын каражатын кредиттик кошуундар, микрокредиттик система-лар, коомдук сактоо фонддору аркылуу андан ары мобилизациялоону ишкеашыруу; - тармактар боюнча айыл ишкерлеринин Ассоциациясын түзүү жана тар-мак аралык кооперация системасын өнүктүрүү; - айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө билим берүү, консультаци-ялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү, консультациялык кызматтар-дын тармагын кењейтүү, жер-жерлерде агротехника, өндүрүү технологиясы,агробизнес, чеберчилик боюнча прикладдык билим берүү жолу менен колдоо; - пайдаланылбай турган айдоолорду айыл чарбалык иштетүүгө киргизүүбагытындагы чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында биринчикезекте Кыргыз Республикасынын "Азык түлүк коопсуздугу жөнүндө" Мыйза-мын кабыл алуу каралууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик админис-трациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын азык тү-лүк коопсуздугун камсыздоо жана тамак-аш продуктуларын өндүрүүдө мамле-кеттик колдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдөгү ыйгарым укуктарын кайра-дан бөлүштүрүү божомолдонууда. Тамак-аш товарларынын запастарына, ресурстарына жана тамак-аш про-дуктуларынын бааларына мамлекеттик контроль боюнча, ошондой эле экспор-ттук-импорттук алымдарды оперативдүү жөнгө салуу боюнча иш чаралардыөткөрүү каралган. Азык-түлүк продукцияларын оперативдүү жеткирүү жана бөлүштүрүүүчүн азык түлүк товарларын сактоочу пункттар аныкталат. Азык-түлүккоопсуздугунун эффективдүү мониторинг системасын киргизүү белгиленүүдө. Курулуш 2008-жылы экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө каржылоо-нун бардык булактары боюнча негизги капиталга 28,2 млрд. сом инвестици-ялар колдонулат. Ресурстардын чектелгенин эске алуу менен өлкөнүн база-лык инфраструктурасын - жолдорду жана коммуникацияларды, энергетиканы,сугат системасын гана каржылоо жана өнүктүрүү кубатталат. Мамлекеттик бюджеттин каражатынан Камбарата ГЭС-2 куруу улантылат.Анын курулушуна 2008-жылы 1,2 млрд. сом жумшалат. Камбарата ГЭС-2 би-ринчи агрегатын иштетүү 2009-жылдын аягына божомолдонууда. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын 2008-жылга карата бюджетин-де жерлерди сугаруу (сугат массивдерин куруу) долбоорун 300 млн. сомөлчөмүндө каржылоо каралган. Жолдорду куруу жана реабилитациялоо жагында тиешелүү инфраструкту-ралары менен улуттар аралык коридорлордун - Ош-Сарыташ-Иркештам, Биш-кек-Нарын-Торугарт, Иркештам-Сарыташ-Карамык, Каракол-Түп-Кеген бөлүк-төрү артыкчылыктуулар болот. Бул долбоорлор мамлекеттик бюджеттин кара-жатынан биринчи кезектеги тартипте каржыланышат. 2008-жылы курулуштун дүњ продукциясын өндүрүүнүн өсүүсү төмөнкүиш-чараларды жүзөгө ашыруунун эсебинен 15 пайыздык дењгээлде камсыз кы-лынат: - "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында турак жай курулушу"Улуттук программасын жүзөгө ашыруу; - энергетика комплексинин, транспорттун, айыл чарбасынын, өнөржайдын, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн объекттеринин курулушун жана реконс-трукциясын улантуу; - турак жай курулушун кењейтүү жана турак жайды реконструкциялоо; - ипотекалык кредиттөө механизмин өнүктүрүү; - ипотекалык кредиттердин экинчи даражадагы рыногун түзүү үчүн че-немдик-укуктук базаны өнүктүрүү. Транспорттук инфраструктура 2008-жылы транспорттук кызматтарды өнүктүрүү жана өлкөнүн транс-порттук тармагын кењейтүү жагында рыноктук экономиканын шарттарына туу-ра келген республиканын транспорттук комплексин түзүү улантылат. Булмаксаттарда мамлекеттик башкаруу органдарынын жумушу төмөнкүдөй багыт-тарда болот: - транспорттун бардык түрлөрүнүн иштешин координациялоо дењгээлинжогорулатуу жана өнүктүрүү (логистикалык товар өткөрүүчү системалардынжана эл аралык транспорттук коридорлордун чектеринде - ташууларды уюштурууда транспорттун түрлөрүнүн жана жүк ээлерининортосундагы өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу); - төлөнүүчү автоунаа жолдорун киргизүү үчүн ченемдик укуктук база-ны иштеп чыгуу; - жол фонддорунун ишинин жањы концепциясын иштеп чыгуу; - автоунаа жолдорунун ички тармагын сактоо жана жакшыртуу; - аба кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу; - Эл аралык "Ысык көл" аэропортун (Тамчы) реконструкциялоо; - Кытай-Кыргыз-Өзбек темир жол магистралын куруу долбоорун жүзөгөашыруу боюнча иштерди активдештирүү. 8. Фондулук рынокту өнүктүрүү Баалуу кагаздар рыногун мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү,Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу максатында2008-жылы төмөнкүлөр пландалып жатат: - адилеттүү рыноктук капитализацияны аныктоо үчүн мамлекеттик ак-циялардын үлүшү менен компаниялардын активдерине кайра баалоону ишкеашыруу; - акциялардын мамлекеттик пакеттеринин баалуу кагаздар рыногундасооданын лицензияланган уюштуруучулары аркылуу брокердик ишмердик жүр-гүзүү укугуна тиешелүү лицензиялары бар баалуу кагаздар рыногунун про-фессионал катышуучуларына гана сатылуусун камсыз кылуу; - мамлекеттин үлүшү 30 проценттен ашык ачык акционердик коомдордунбаалуу кагаздарына фонддук биржаларда листинг процедурасынын өтүшүн иш-ке ашыруу; - акционердик коомдордун мамлекеттик бюджетке жана Кыргыз Респуб-ликасынын Социалдык фонддун алдындагы милдеттерин конвертациялоо макса-тында баалуу кагаздарды (облигация, акция) чыгаруу мүмкүнчүлүгүн анык-тоо; - уюштурулган рыноктордо колдонууга арналбаган чоњ эмес эмиссияларүчүн каттоо процедурасын жењилдетүү жана тездетүү өздүк каражаттарынынкөлөмү чоњ эмес эмитенттер үчүњ маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча та-лаптарды кыскартуу боюнча чаралар программасын ишке ашырып акционердиккапиталдын өсүүсүнө көмөк көрсөтүү; - баалуу кагаздар рыногунда жањы кошумча каржы инструменттеринкиргизүүгө жана баалуу кагаздар рыногу тармагындагы мыйзамдарды эл ара-лык стандарттарга ылайык келтирүү максатында "Ипотекалык баалуу кагаз-дар тууралуу", "Турак жай сертификаттары жөнүндө", "Муниципалдык баалуукагаздар тууралуу" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" мыйзамдардыкабыл алуу; - "Каржы рыногунун мамлекеттик регулятору жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын жањы Мыйзамын кабыл алуу жолу менен каржы регуляторунун (Кыр-гыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кыз-маты) көз карандысыздыгын жогорулатуу; - Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарды соодалоону лицензиялан-ган уюштуруучуларынын соода аянтчасы аркылуу кыска мөөнөттөгү, ортомөөнөттөгү, узак мөөнөттөгү мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууну жа-на колдонууну жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын "Борбордук депозитарий жөнүндө" Мыйзамынкабыл алуу; - ЕврАзЭКке мүчө өлкөлөрдүн жана КМШга катышкан мамлекеттердинбаалуу кагаз рынокторун интеграциялоо боюнча мындан аркы чараларды ишкеашыруу. 9. Инвестициялык саясат Инвестициялык саясат 2008-жылы Өкмөттүн кепилдиги менен алынчу четэлдик карыздын көлөмүн кыскартууга багытталат жана негизги донорлордунгранттык тышкы жардамын жогорулатууга көмөк көрсөтөт. 2008-жылдан 2010-жылга чейинки убакытта карыздын жана гранттардынэсебинен инвестициялык долбоорлорду тышкы каржылоонун үлүшү каржылоонунжалпы суммасынын 90,7 процентин түзөт, Мамлекеттик инвестициялар прог-раммасынын долбоорлорун кошо каржылоо үлүшү 9,3 процентти түзөт. КыргызРеспубликасынын Борбордук казыналык системасы аркылуу жардам көрсөтүүбоюнча донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү белгиленүүдө. Бул убакытта тышкы жардамды колдонууда жалпы каржылоонун көлөмүнөжараша басымдуу ролду айыл чарба, транспорт жана коммуникация секторло-ру иретине жараша 24,8 процент жана 25,7 процент ойношот. Социалдыксекторго жалпы каржылоодон 18,2 процент туура келет. 2008-жылы өзгөчө маани айыл жергесинде кедейликти жењүүгө, мамле-кеттик бийликти децентрализация кылууга жана жашоого зарыл инфраструк-туралык кызматтарга жетүүнү жана сунуш кылууну жакшыртуу жолу мененбашкарууга, жана ошондой эле чакан шаарларда жергиликтүү бийлик орган-дарынын жана алардын коммуналдык кызмат ишканаларынын негизги жергилик-түү кызматтарды сунуш кылуусун жакшыртууга багытталган инвестициялыкдолбоорлорду каржылоого көњүл бөлүнөт. 2008-жылы түз инвестициялар жагында саясат инвесторлор үчүн кызык-тыруучу бизнес чөйрөнү түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүниш-аракетин улантууга жана ошондой эле төмөнкү багыттар боюнча иш чара-ларды ишке ашырууга багытталат: - түз инвестицияларды тартуу жана өсүүсүнө жетишүү үчүн региондогуКыргызстандын атаандаштык мүмкүнчүлүгүн максималдык колдонуу менен на-тыйжалуу маркетингдик иш-чараларды жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттердин өк-мөттөрүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө ма-кулдашууларга кол коюу боюнча ишти улантуу; - Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн түз инвести-цияларды тартуу боюнча ишин күчөтүү; - потенциалдуу инвесторлорго керектүү маалыматты берүү жана кон-сультацияларды жүргүзүү; - эл аралык инвестициялык форумдарга активдүү катышуу. 10. Социалдык саясат Социалдык саясат жагында 2008-жылга карата башкы максат болуп Кыр-гызстандын элинин жашоо дењгээлин жогорулатуу эсептелет. Социалдык сая-саттын негизги чаралары кедейлик проблемаларын чечүүгө, калктын сапат-туу билим, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыз кылуу жана социалдыккамсыздандыруу кызматына жетүүсүн жогорулатууга багытталат. Бул максат-тарда социалдык өнүгүүнүн бардык жагында реформалар улантылат.2008-жылда кедейликтин дењгээли 5,1 проценттик пунктка кыскарышы жана34,8 процент дењгээлинде болоору болжолдонууда. 2008-жылы калктын акча кирешесинин көлөмү 134,0 млрд. сом дењгээ-линде болжолдонууда. Калктын акча каражаттарынын маанилүү салыштырма салмагын эмгекакысы ээлейт. Эмгек акынын шартын жакшыртуунун концепциялык көздөгөнүбюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын орточо көлөмүн жекесектордогу анын дењгээлине этаптуу жакындатууда. Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүүсү 18,2 процент дењгээлинеже номиналдык туюнтмада 5220 сомго болжолдонууда. Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө олуттуу көњүл жана каржылоо практи-калык эмес, коомдук саламаттыкты сактоого бөлүнөт. Мамлекеттин функция-лары алдын алуучу саясатка, оорууга чалдыгууну профилактикалоого жанакалктын өлүмүн болтурбоого көњүл бурулат. Жеке саламаттык сактоодо ме-дициналык кызматтарды көрсөтүүнүн рыноктук принциптерин киргизүү план-даштырылууда. Ошону менен бирге, калктын социалдык корголбогон катмары-на саламаттыкты сактоонун базалык кызматтары кепилденет. Өлкөнү өнүктүрүүнүн 2007-2010-жылдарга карата стратегиясынын инди-каторлоруна ылайык саламаттыкты мамлекеттик каржылоо үлүшүнүн жогорула-шы саламаттыкты сактоону каржылоодо алдын алууну камсыз кылууга, калкүчүн каржы оордугун төмөндөтүүгө, коркунучтарды башкаруунун натыйжасынжогорулатууга, медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча чара-ларды пландаштырууга жана алардын калкка жетиштүү болуусун камсыз кы-лууга мүмкүндүк түзөт. Билим берүү чөйрөсүндө жогорку билимдин сапатынын стандарттарынкатуулатуу каралууда. Билим берүү төлөмүнүн баалык жөнгө салуу механиз-ми билим берүү кызматтарынын баасын бир кыйла жогорулатуу жана билимберүү баасынын жогорку чегин жокко чыгаруу багытында кайрадан каралыпчыгат. ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатына ачык рейтинг киргизүү ма-селеси бышып жетилди. 2008-жылы билим берүү жагындагы бюджеттик саясат мурдагыдай элебилим берүү кызматчыларынын жетиштүүлүгүн жана кадырын жогорулатуугабагытталат. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан социалдык чөйрө-гө мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн социалдык кызматтардын минималдыкстандартын аныктоо боюнча чаралар көрүлөт. 11. Региондорду өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 10-январындагы кай-рылуусунда белгилеп кеткендей, Кыргыз Республикасынын экономикасынөнүктүрүү үчүн маанилүү багыт болуп региондорду өнүктүрүү эсептелет. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын региондорунда региондук дүњ кире-шенин өсүүсүнө жана калктын жашоо дењгээлин жогорулатууга көмөк көрсөт-көн реалдуу секторду жана социалдык чөйрөнү мындан ары өнүктүрүү кара-лууда. Республиканын региондорунда сооданын инфраструктурасын өнүктүрүү-нүн, калктын иш активдүүлүгүн жогорулатуунун жана тейлөө сапатын жак-шыртуунун эсебинен чекене товар жүгүртүүнүн жана калкка төлөнүүчү кыз-маттардын көлөмүнүн андан ары өсүүсүн камсыз кылуу болжолдонууда. Капи-талдык салымдардын болжолдонгон көлөмүн көбөйтүү жер-жерлердеги курулушиндустриясынын ишканаларынын потенциалын да, курулуш уюмдарынын кубат-туулугун дагы рационалдуураак колдонууга мүмкүндүк берет. Социалдык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча чаралар, ошону мененбирге калктын акча кирешелерин жогорулатуу жана жумуштуулугунун өсүүсүбоюнча чаралар белгиленүүдө. 2008-жылы республиканын региондорундагыбардык каржы булактарынын эсебинен болжол менен 121,5 мињ жумушчу орун-дарын түзүү жана кайра калыбына келтирүү каралууда. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жанасоода министрлиги тарабынан 2008-жылы Кыргыз Республикасынын региондо-рунда экономикалык өнүгүүнүн 14 точкасын түзүү боюнча жумуш жүргүзүлүү-дө. Бул жумуш региондордо ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүн каттоожана жөнгө салуу үчүн жооп берүүчү бардык мамлекеттик органдар "бирдик-түү терезе" принциби боюнча бир имаратта жайгашкан бизнес борборлордутүзүүнү караштырууда. Болжолдонгон бизнес борборлордун тегерегинде рай-онду бүтүндөй өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн тиешелүү инфраструктуранынкурулушу белгиленүүдө.