Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-июну № 283 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруунун элдик эсебин" администрациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу үчүн ыктыярдуу кара-жаттарды жана төгүмдөрдү топтоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн 2007-жылдын 24-майындагы № 135-б буйругуна ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруунун элдик эсебин"администрациялоо жөнүндө тиркелген
жобо бекитилсин. 2. "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруунун элдик эсебин"администрациялоо үчүн ушул токтомдун
тиркемесине ылайык курамда Байкоо-чу кењеш (мындан ары - Байкоочу кењеш) түзүлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир жумалык мөөнөт-түн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна Байкоо-чу кењештин жеке курамы боюнча сунуштарды киргизсин. 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республика-сынын аймагындагы коммерциялык банктарга "Кыргыз Республикасынын тышкыкарызын тындыруунун элдик эсебине" акча каражаттарды которууда комисси-ялык жыйымдарын албоо сунушталсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 283 токтомуна тиркеме "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруунун элдик эсебин" администрациялоо үчүн Байкоочу кењештин КУРАМЫ -----------------------------------------------------------------------| Уюмдун аталышы | Өкүлдөрдүн саны ||----------------------------------------------|----------------------||Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты | 1 ||----------------------------------------------|----------------------||Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши |2 (макулдашуу боюнча) ||----------------------------------------------|----------------------||Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы |1 (макулдашуу боюнча) ||----------------------------------------------|----------------------||Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес |1 (макулдашуу боюнча) ||уюмдардын ассоциациясы | ||----------------------------------------------|----------------------||Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |1 (макулдашуу боюнча) ||----------------------------------------------|----------------------||Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 3 |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов