Редакцияот 26.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 25-июну № 335                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                                              "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекске        толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын                        Мыйзам долбоору жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык  Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекске толуктоолордукиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.     2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кењеши-нин кароосуна жиберилсин.     3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз  РеспубликасынынЖогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.       Премьер-министри                                   И.Чудинов                                                        Долбоор                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ            Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекске                    толуктоолорду киргизүү тууралуу      1-статья.      Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекске (Кыргыз Республи-касынын   Жогорку   Кењешинин  ведомосттору,  1999-ж.,  №  9,  436-ст.)төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:     1. 58-статьянын  3-пункту  "Кыргыз  Республикасынын  жараны" дегенсөздөрдөн мурда ",чет мамлекеттин жарандыгы жок" деген сөздөр менен то-лукталсын;     2. 69-статьянын 1-пункту  "Кыргыз  Республикасынын  жараны"  дегенсөздөрдөн мурда ",чет мамлекеттин жарандыгы жок" деген сөздөр менен то-лукталсын.      2-статья.      Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев