Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-октябры № 595 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Граждандык кодексинин 233-6, 384-статьяла-рына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын
Жер кодексинин 4, 5, 20жана 32-статьяларына жана "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторунберүү жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261
токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик адми-нистрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча рес-публикалык комиссия менен макулдашылган, Жалал-Абад облусунун Ала-Букарайонундагы Көк-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан, аянты 260,4га жайытты "Бозымчак" кенинде пайдалуу кендерди иштетүү жана кен-байы-туу ишканасын куруу үчүн иштетүү максатында жер казыналарын пайдаланууукугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген 2008-жыл-дын 23-январындагы № 710 АЕ лицензияларга ылайык ижара келишимдин шар-тында "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомуна 19жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алын-сын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жанабашка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик адми-нистрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюугабайланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунуннаркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "КазахмысГолд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөөсүн; "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун жеручастокторго жер салыгынын ставкасынын өлчөмүнө карата 2 (эки) коэффи-циентти, ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып 1 коэффициентти колдо-нуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз РеспубликасынынЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтү мененижара келишимин түзүүсүн. 4. "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому белги-ленген тартипте экологиялык жана техникалык коопсуздук, бөлүп берилүүчүжер участогундагы кенди коргоо жана аны пайдалануу жагында эксперттиккорутундулар менен тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгууну жанаколдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык макулдашууну жана экс-пертиза жүргүзүүнү камсыз кылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов