Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 18-декабры № 696 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын декабрындагы жана 2009-жылдын январындагы дем алыш жана иш күндөрдү которуштуруу жөнүндө Дем алыш жана иш эмес майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу мак-сатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-статьясына ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жуманын графиги менен иште-ген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн2009-жылдын 2-январындагы иш күн 2008-жылдын 27-декабрына, 2009-жылдын5 жана 6-январындагы иш күндөр тиешелүү түрдө 2009-жылдын 10 жана17-январына которулсун. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов