Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 3-апрели № 212 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2009-жылдын 20-мартындагы№ 1065-IV "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүн-дө" токтомуна ылайык, шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын Пре-зидентин шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү,Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарынын нормаларын жана коомдук тартипти сактоо максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруучулук жанаматериалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча штаб тиркемеге ылайыккурамда түзүлсүн. 2. Облустардын, райондордун жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын аткаруучу-тескөөчү органдарынын башчылары шайлоо комиссия-ларына уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюн-ча облустук, райондук жана шаардык штабдарды түзүшсүн. 3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары,жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары: - шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо-го даярданууда жана өткөрүүдө уюштуруучулук, материалдык-техникалык ма-селелерди чечүүгө көмөк көрсөтүшсүн; - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндө кодексинде белгиленгентартипте жана мөөнөттө шайлоочулардын тизмелери түзүлүшүн камсыздашсын; - жарандардын пикирлери, арыздары, өтүнүчтөрү жана шайлоо комисси-яларынын сунуштары өз убагында каралышын уюштурушсун; - шайлоо комиссиялары жана добуш берүү үчүн тийиштүү жайларды бе-рүү, автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар, ошондой эле те-лефондук байланыш менен камсыздоого байланыштуу маселелерди чечишсин. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республика-сынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунбелгиленген тартипте кийин киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоожана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республи-касынын Президентин шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен керектүүфинансылык каражатты өз убагында бөлүүнү камсыздасын. 5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-касынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча): - шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормалары жанакоомдук тартип сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүшсүн; - шайлоо бюллетендеринин кайтарылышын, даярдалышынын коопсуздугун,шайлоо бюллетендерин ташычу транспорт каражаттардын коштолушун жанакайтарылышын камсыздашсын; - Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо ко-миссияларынын жайларын кайтарууну камсыздашсын. 6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлоо ко-миссияларынын жайларында өрт коопсуздугун камсыздасын. 7. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-ры министрлиги шайлоо комиссияларынын жайларын электр менен үзгүлтүксүзкамсыздасын. 8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республика-сынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрли-ги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Рес-публикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Кыргыз Республика-сынын Шайлоо жөнүндө кодексинин 42-статьясына ылайык шайлоо комиссияла-рына: - тийиштүү органдарда кызмат өтөп жүргөн жарандардын; - тергөө изоляторлорундагы жана убактылуу кармоочу изоляторлордогужарандардын шайлоого укуктарын камсыздоого көмөк көрсөтүшсүн. 9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен бирдикте Кыргыз Республи-касынын чегинен сыртта жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыр-гыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусун камсыздоо боюнчачараларды көрсүн. 10. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мони-торинг бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-апрелиндеги № 212 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча штабдын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Штабдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Штабдын тө-рагасынын орун басары. Штабдын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарыминистри; Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-кеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордукиштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордукиштер жана региондук, мониторинг бөлүмүнүн инспектору, Штабдын катчысы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев