Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 456, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627, 2025-жылдын 18-июлундагы № 431 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Негизги түшүнүктөр
1. Бул Жобону ишке ашыруу үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
бюджеттен тышкаркы билим берүү иши - акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик билим берүү уюмдарында көрсөтүлгөн билим берүү кызматтары;
кошумча билим берүү кызматтары - мамлекеттик билим берүү стандарттарынан ашыкча кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча ыктыярдуу негиздердеги юридикалык жактардын (билим берүү ишине лицензиясы бар) коммерциялык эмес иши. (Кошумча билим берүү кызматтарына төмөнкүлөр кирбейт: негизги жалпы билим берүүчү программаларды ишке ашыруу, жеке жана топтук сабактар, негизги жалпы билим берүүчү программалар үчүн бөлүнгөн сааттардын эсебинен тандоо боюнча курстар);
калькуляциялоо - экономикалык жактан негизделген тарифтерди аныктоо максатында учурдагы ченемдерге жана мурдагы мезгилди анализдөөгө ылайык кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдарын чагылдыруучу көрсөтүлгөн кызматтардын өздүк наркын эсептөө;
билим берүү кызматтары - Кыргыз Республикасынын аймагында билим чөйрөсүндөгү юридикалык жактардын коммерциялык эмес иши;
билим берүү уюмдары (мекемелер) - юридикалык жактар жана алардын юридикалык жактын же филиалдын статусуна ээ болгон түзүмдүк бөлүмдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте керектөөчүлөргө билим берүү кызматтарын көрсөткөн, билим берүү ишине лицензиясы бар башка юридикалык жактардын филиалдары, мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү (окутуу борборлору ж.б.);
жогорку окуу жайларынан кийинки кесиптик билим берүү - жогорку кесиптик билимдин базасында билиминин, илимий, педагогикалык квалификациясынын деңгээлин жогорулатууга жарандарга мүмкүнчүлүк берген билим берүү;
билим берүү кызматтарынын тарифтери - билим берүү уюмдары (мекемелер) тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү, билим берүү кызматтары үчүн белгиленген төлөмдөр.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Жалпы жоболор
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү уюмдары (мекемелер) көрсөтүүчү билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына тарифтерди түзүү боюнча бирдиктүү ченемдик укуктук документ болуп эсептелет.
Ушул Жобонун талаптары өзгөчө статуска ээ, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүү жана бекитүү укугу берилген башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынан тышкары, Кыргыз Республикасында билим берүү ишин жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мекемелеринин) аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Ушул Жобонун 7-пунктунун талаптары алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарды медициналык адистиктер боюнча окутуп жаткан бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627, 2025-жылдын 18-июлундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)