Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 191
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 , 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Билим берүү кызматтарын көрсөтүү рыногундагы атаандаштыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибинде:
- 2.3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (иштерине) тарифтер (баалар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт, бекитилет жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу талап кылынбайт.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жободо:
- 3-пункттун төртүнчү абзацындагы "тарифтерди макулдашуу үчүн берилген материалдардын" деген сөздөр "билим берүүнүн акы төлөмө кызматынын тарифтеринин түзүлүшүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- III главасынын аталышындагы "макулдашуунун жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Билим берүүчү уюмдун (мекеменин), анын ичинде билим берүүчү уюмдун (мекеменин) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн билим берүүнүн акы төлөмө кызматын көрсөтүүсүнө тарифтеринин прейскуранты билим берүүчү уюмдун (мекеменин) жетекчиси тарабынан бекитилет.
Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин бекитилген прейскурантынын көчүрмөлөрү, аларды негиздеген эсеп материалдар ошол билим берүүчү уюмдун (мекеменин) тарифтердин прейскурантын иштеп чыгуу тапшырылган башкармалыгынын (бөлүмүнүн), бөлүнүшүнүн жетекчисинин колу коюлуп, билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле баш ийгендигине жараша маалымат берүү үчүн башка мамлекеттик органдарга жиберилет.";
- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пункттагы "5 жана 6-пункттарына ылайык макулдашылат жана бекитилет." деген сөздөр жана цифралар "ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык бекитилет." деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;
- 71-пунктундагы "ушул Жобонун 5, 6 жана 15-пункттарына ылайык макулдашылат жана бекитилет." деген сөздөр жана цифралар "ушул Жобонун 5 жана 15-пункттарына ылайык бекитилет." деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 8 жана 9-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди түзүү төмөнкүдөй материалдардын негизинде жүргүзүлөт:
- билим берүүчү уюмдун (мекеменин) финансылык-чарбалык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын;
- билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн ар бир түрү боюнча колдонуудагы тарифтерди суммалык жана сандык түрдө талдоонун;