Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 11-мартындагы 2022-жылдын №131 токтомунун негизинде

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 5-декабры № 656

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 «Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 258-1-беренесинин 2-бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178-беренесинин  11-пунктуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 «Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:

 

8704239109

башкалар

8704229109

башкалар

 жогоруда аталган Тизменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:

*8704229109 - Жүк ташуучу автомобилдер (борттуу);

*8704239109 – Борттуу автомобилдер.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 10-январынан баштап колдонулат.

 

Премьер-министр 

Ж. Сатыбалдиев