Редакцияот 29.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2020-жылдын 29-декабры № 525

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө 2020-жылдын 29-декабрындагы кириш № 01-12/4055 түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бейшеев Саматбек Туратбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамы болуп катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова