Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-декабры № 388
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын, Баткен, Кадамжай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун, Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун, Чүй облусунун Токмок шаарынын, Жайыл, Аламүдүн, Кемин, Сокулук, Москва, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунун аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 5, 2020-жылдын 30-январындагы №№ 14, 15, 17, 18, 20 жана 2020-жылдын 20-мартындагы № 83 токтомдору менен бекитилген 60 шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын, Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун, Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун аймагында 13 жаңы шайлоо участкаларды түзүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларынын алкагында Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай, Ноокен, Базар-Коргон, Ош, Кара-Суу, Ноокат, Токмок, Жайыл, Аламүдүн, Кемин, Сокулук, Москва, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын кабыл алган чечимдеринин негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын, Баткен, Кадамжай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун, Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун, Чүй облусунун Токмок шаарынын, Жайыл, Аламүдүн, Кемин, Сокулук, Москва, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунун аймагындагы 60 шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр 1-тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын (1), Кадамжай районунун (1), Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун (1), Ош шаарынын (4), Ош облусунун Кара-Суу (5), Ноокат (1) райондорунун аймагында 13 жаңы шайлоо участкалары түзүлсүн жана алардын схемалары жана чек аралары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге шайлоочулар арасында жаңы түзүлгөн шайлоо участкаларынын даректери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жаңы түзүлгөн шайлоо участкаларына участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.
5. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Бекматов |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-декабрындагы № 388 токтомуна 1-тиркеме |
Баткен облусу
Кызыл-Кыя шаардык кеңеши
1) № 8171 шайлоо участкасынын чек арасынан - Достук көчөсүнүн 3, 5, 5б, 7, 9, 11, 13, 15, 19, 21, 23, 25, 27б, 39, 43, 47, 53 жана номери жок так сандуу үйлөр алынып салынсын.
2) № 8217 шайлоо участкасынын чек арасына - Достук көчөсүнүн 3, 5, 5б, 7, 9, 11, 13, 15, 19, 21, 23, 25, 27б, 39, 43, 47, 53 жана номери жок так сандуу үйлөр киргизилсин.
3) № 8171 шайлоо участкасынын чек арасынан - Достук көчөсүнүн 2, 2а, 4, 4б, 6, 6б, 8, 8а, 8б, 10, 12, 12б, 16, 16а, 16б, 18а, 20, 22, 24, 30а, 30б, 34, 36, 38, 54 жана номери жок жуп сандуу үйлөр алынып салынсын.
4) № 8217 шайлоо участкасынын чек арасына - Достук көчөсүнүн 2, 2а, 4, 4б, 6, 6б, 8, 8а, 8б, 10, 12, 12б, 16, 16а, 16б, 18а, 20, 22, 24, 30а, 30б, 34, 36, 38, 54 жана номери жок жуп сандуу үйлөр киргизилсин.
5) № 8171 шайлоо участкасынын чек арасынан - Жин Жиген көчөсүнүн так сан тарабындагы бардык үйлөр алынып салынсын.
6) № 8217 шайлоо участкасынын чек арасына - Жин Жиген көчөсүнүн так сан тарабындагы бардык үйлөр киргизилсин.
7) № 8171 шайлоо участкасынын чек арасынан - Жин Жиген көчөсүнүн жуп сан тарабындагы бардык үйлөр алынып салынсын.