Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 75-т тескемесине)
2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөргө окутуу ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы санариптик мамлекетти куруу жана санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча өлкөнү өнүктүрүүнүн векторун аныктады.
Санариптештирүү чөйрөсүндө 10 долбоорду ишке ашыруу белгиленген, анын ичинде интеграцияланган смарт-платформалар/маалыматтык системалар аркылуу улуттук санариптик экосистема, чоң маалыматтар базасы катары жасалма интеллект жана башкалар. Бул контекстте калктын санариптик сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү өзгөчө актуалдуу.
Бүгүнкү күндө санариптик көндүмдөр заманбап жашоонун жана иштин ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бул маалыматты издөө, талдоо, алмашуу жана коргоо үчүн санариптик түзүлүштөрдү жана программалык камсыздоолорду колдоно билүү.
Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде жаштар, улгайган адамдар, аялдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар көбүнчө санариптик көндүмдөргө базалык окутууга, өздөрүнүн социалдык, экономикалык жана саясий укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн санариптик технологияларды колдонуу боюнча түшүнүктөрүн калыптандырууга муктаж болушат.
Программа 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуунун жана санариптик көндүмдөргө окутуунун жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча иш-аракеттердин максатын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт.
2-глава. Кырдаалга жалпы талдоолор жана жетишкендиктер
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясы бардык деңгээлдерде санариптик билим берүүнү киргизүүгө, санариптик көндүмдөрдү жана технологияларды өнүктүрүүгө, башкаруунун бардык деңгээлдеринде мамлекеттик кызматчылар үчүн санариптик көндүмдөргө окутуу программаларын иштеп чыгууга, мектеп партасынан тартып жалпы калк үчүн, анын ичинде аялуу топторду окутуу системасын иштеп чыгууга жана улуттук санариптик контентти мамлекеттик тилде өнүктүрүүгө багытталган.
Санариптик билим берүүнү республиканын билим берүү системасына киргизүү жана илгерилетүү негизги милдеттердин бири болуп калды. Мектептин жана ЖОЖдордун программаларына информатика жана санариптик технологиялар боюнча курстар киргизилип, ошондой эле окутуучулар үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү. Бирок окутуунун сапаты жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк бирдей эмес бойдон калууда, айрыкча региондордо андан ары жакшыртууну талап кылат.
Санариптик технологияларды өнүктүрүү жана жогорку квалификациялуу адистерди жана мамлекеттик кызматчыларды санариптик көндүмдөргө окутуу программаларын иштеп чыгуу дагы артыкчылыктуу багыт болуп калды. "Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоорунун алкагында киберкоопсуздукка, жасалма интеллектке, булут технологияларына жана башка багыттарга багытталган окутуу программалары ишке ашырылды. 1845 мамлекеттик кызматчы жана 188 адис булут технологиясы боюнча окутулду. Ошого карабастан эмгек рыногунун заманбап талаптарына негизделген окуу программаларынын жетишсиздиги жана практикалык тажрыйба алуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендиги дагы деле бар.
Жалпы калк, анын ичинде аялуу топтор үчүн санариптик көндүмдөргө окутуу жана кайра окутуу системасы бүткүл өлкө боюнча 73 жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун иштеши аркылуу өнүгүүдө. Бул борборлор ар кандай категориядагы жарандар, анын ичинде мамлекеттик кызматчылар, жаштар, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайган адамдар үчүн окутууну сунуштайт. Бирок чектелген каржылоо жана ресурстар бардык муктаж болгон калктын массалык түрдө камтылышын кыйындатат.
Улуттук санариптик контентти мамлекеттик тилде өнүктүрүү да маанилүү багыт болуп саналат. Кыргыз жана орус тилдеринде билим берүү материалдары иштелип чыкты жана таратылды, улуттук контентти түзүү боюнча долбоорлор колдоого алынды. Бирок мамлекеттик тилде сапаттуу контенттин көлөмү дагы эле чектелүү жана аны түзүү жана жайылтуу үчүн көбүрөөк демилгелер талап кылынат.
Маанилүү жетишкендиктердин бири Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдерде позициясынын жакшырышы болду. 2022-жылы республика БУУнун электрондук өкмөттү өнүктүрүү рейтингинде 20 позицияга көтөрүлүп, 193 өлкөнүн ичинде 81-орунду ээледи. Жарандардын электрондук катышуу рейтингинде Кыргыз Республикасы 79-орунду ээледи. Бул жетишкендиктер санариптештирүү жана жарандардын электрондук сервистерге катышуусу жаатындагы прогрессти көрсөтүп турат. Ошондой эле Кыргыз Республикасы мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча позициясын жакшыртты, өлкө глобалдык рейтингде 16 позицияга көтөрүлдү жана 74-орунду ээлөө менен Борбордук Азия регионунда алдынкы орундардын бирин ээледи.
Ошентсе да көптөгөн көйгөйлөр жана чакырыктар дагы деле бар. Алардын негизгилерине санариптик сабаттуулук түшүнүктөрүнүн жана ченемдик укуктук базадагы көндүмдөрдүн так аныктамаларынын жоктугу, санариптик көндүмдөрдүн так стандарттарынын жана квалификация деңгээлдеринин жоктугу, санариптик көндүмдөрдү үзгүлтүксүз жогорулатуу үчүн стимулдардын жетишсиздиги, санариптик сабаттуулук деңгээлине үзгүлтүксүз мониторингдин жоктугу, мекемелердин жана коммерциялык эмес уюмдардын потенциалын жетишсиз пайдалануу кирет.
Калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрдү окутуу муктаждыктары ар түрдүү болушу мүмкүн жана көптөгөн факторлорго, анын ичинде экономикалык өнүгүү деңгээлине, технологиялардын жеткиликтүүлүгүнө жана калктын ар кандай топторунун өзгөчө муктаждыктарына жараша болот. Төмөндө Кыргыз Республикасынын калкы үчүн актуалдуу болушу мүмкүн болгон негизги муктаждыктар келтирилген: