Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327

Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

2012-жылдын 26-сентябры ПЖ № 206

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө

(КР Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 188, 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 57, 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130, 2022-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 357 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик ишканалардын тармактык (корпоративдик) жетекчилерин даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы № 135 "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык токтом кылам:

(КР Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 188 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын тиркелген уставы жана башкаруу түзүмү бекитилсин.

(КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы:

- белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик, уюмдарды кайра каттоону жүргүзсүн;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасында 2012-жылдын 28-сентябрында N 85 жарыяланды