Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2001-жылдын 15-майы № 233
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир
чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту
деп табуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 токтомунун,2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун, 2004-жылдын 23-февралындагы № 93 токтомунун,2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомунун,2006-жылдын 20-октябрыдагы № 740 токтомунун 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтомунун,2016-жылдын 3-октябрындагы № 522, 2017-жылдын 8-июнундагы № 350, 2018-жылдын 22-январындагы № 49,2022-жылдын 25-мартындагы № 166 редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башкаруу структураларын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" указдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту деп эсептелген)
4. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 862 "Өнөр-жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн шарттары менен тартиби жана аны пайдалануу жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" токтому менен бекитилген Өнөр-жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн шарттары менен тартиби жана аны пайдалануу жөнүндө Жобонун 9-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосуна" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосуна" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 350 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту деп эсептелген)
7. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 350 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 522 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын токтому менен бекитилген Автордук укук, эриш-аркак укуктардын объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо жыйымдары жөнүндө Жобонун 1-пунктунун биринчи абзацындагы жана 7-пункутунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентство" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентство" деген сөз менен тийиштүү жөндөмөдө алмаштырылсын.
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10.(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту деп эсептелген)
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведостволордун, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик укук актыларын жарыялоо жөнүндө" токтомунун аталышынан жана бардык текстинен "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун" деген сөз алынып ташталсын.
Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведостволордун, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик укук актыларын жарыялоо тартибинин аталышынан жана 1, 2 пунктунан "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун" деген сөз алынып ташталсын.