Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-июнундагы N 261 токтому менен бекитилген
Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплекси жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-майындагы N 202, 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жобо
1.1. Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплекси (мындан ары - КУК "Манас Ордо") - маданият, туризм тармагындагы иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекеме, ал илимий-изилдөө, маданий-агартуу, туристтик-экскурсиялык жана улуттук-спорттук максаттарда тарыхый-маданий жана жаратылыш комплексин, материалдык жана рухий дөөлөттөрдүн бүтүндүгүн сактоону, калыбына келтирүүнү, изилдөөнү жалпыга даңазалоону камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жаратылышты коргоо мекемеси болуп саналат.
1.2. КУК "Манас Ордо" өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. КУК "Манас Ордо" юридикалык жак болуп саналат, анын тиешелүү символикасы менен мөөрү болот.
1.4. КУК "Манас Ордо" республикалык бюджеттин эсебинен каржылант, ошондой эле өз алдынча балансы, улуттук жана чет өлкөлүк валютада банктарда атайын эсеби болот.
1.5. КУК "Манас Ордо" өндүрүштүк-экономикалык ишин өз алдынча ишке ашырат, финансылык каражаттарын тескейт, өз милдеттенмелери боюнча жооп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
1.6. Тарыхый-маданий объекттерди, тарых эстеликтерин алардын тарыхый, маданий жана жаратылыш чөйрөсүндөгү жаратылыш, маданият жана жаратылыш ландшафтарынын бүтүндүгүн жана сакталашын камсыз кылуу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын статусу белгиленет. КУК "Манас Ордонун" аймагында жайгашкан жер, имараттар, курулуштар жана коммуникациялар күтүү жана пайдалануунун өзгөчө режиминде болот.
1.7. КУК "Манас Ордонун" корук зонасынын аймагында тарыхый-маданий дөөлөттөрдү, жаратылыш жана башка объекттерди эске алуу менен чарбалык жана башка иш-аракеттердин регламентин, чектөөлөрдү камтыган өзгөчө коргоонун дифференциялаштырылган режими белгиленет.
1.8. КУК "Манас Ордонун" корук зонасынын аймагында маданий жан жаратылыш мурастарына, тарыхый-маданий жана жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтирүүчү жана КУК "Манас Ордонун" максаттары менен милдеттерине дал келбөөчү бардык иш-аракеттерге тыюу салынат.
1.9. КУК "Манас Ордо" өз аймагында экскурсиялык, туристтик, мейманкан, илимий-агартуу жана маданий-массалык иштерди уюштуруунун өзгөчө укутуна ээ. Иштин бул чөйрөсүнө адистешкен юридикалык жактар жана жеке адамдар КУК "Манас Ордонун"аймагында анын администрациясы менен келишим түзүүнүн негизинде гана иштей алышат.
II. КУК "Манас Ордонун" негизги милдеттери жана функциялары
Улуттук аң-сезимди андан ары бекемдөө, Кыргыз Республикасынын элдеринин руханий, маданий баалуулуктарын, каада-салттарын, биримдигин, улуттук ынтымакташтыгын өнүктүрүүгө жана арттырууга, "Манас" эпосун дүйнөлүк маданияттын ажырагыс бөлүгү катарында руханий-адептүүлүк мурастарын даңазалоону активдештирүү, Кыргыз Республикасынын эл аралык туризмин өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында КУК "Манас Ордо" төмөнкүлөрдү өткөрөт:
"Манас" эпосун пропагандалоо, маданий-массалык, туристтик-экскурсиялык иш-аракет жагынан:
- калктын руханий мурастары, коомду идеялык баш коштуруунун улуттук негиздери катарында Манас эпосунун жети осуятын, каада-салт, колдонмо искусствонун кенже эпосторун жана улуттук спорт оюндарын пропагандалоо;
- улуттардын биримдигин жана өз ара жакындашуусун бекемдөө максатында эл аралык конференцияларды, конгресстерди, слетторду;
- кыргыз элинин эпикалык мурастарына байланыштуу улуттук каада-салттар менен ырым-жырымдар, манасчы, акын жана санжырачылар боюнча массалык иш-чараларды;
- театрлаштырылган жана спорттук оюн-зоокторду, спорттун улуттук түрлөрүн ("аламан байге", "жорго салыш", "кыз куумай", "көк бөрү", "күрөш", "оодарыш", "ордо", "тогуз коргоол" ж.б.);
- "Манас" эпосун пропагандалоо жана агитациялоо максатында фестивалдарды, конкурстарды, кароолорду, салтка айланган улуттук колдонмо чыгармачылык көргөзмөлөрүн, шоу-концерттерди;
- стационардык, көчмө, ачык асман алдында экспозицияларды, лекцияларды, консультацияларды;
- жаратылыш, тарых, маданият эстеликтерин жана руханий мурасты пропагандалоо жана рекламалоо;
- илимий эмгектерди, монографияларды, жыйнактарды, рекламалык продукцияларды, буклеттерди, жол көрсөткүчтөрдү, проспекттерди, альбомдорду, комплекс боюнча афишаларды басып чыгаруу;
- туристтик иштерди жана республиканын, чет өлкөлөрдүн туристтик фирмалары менен кызматташтыкты уюштуруу.
Илимий-изилдөө иштери тармагындагы базалык жана тарыхый дөөлөттөр коруктун жана анын филиалдарынын аймактарындагы "Манас" эпосу музейинин сакталуучу жана экспонатка коюлуучу археологиялык, этнографиялык, жаратылыш коллекциялары, документалдык, фотографиялык жана башка материалдар болуп саналат. КУК "Манас Ордо" Кыргыз Республикасынын бирдиктүү музей фондунун составдуу бөлүгү болуп эсептелет жана мамлекеттин коргоосунда болот. Бир дагы мамлекеттик, коомдук же башка уюм КУК "Манас Ордонун" фондулук материалдарын анын макулдугусуз ажыратууга, алып коюуга же пайдаланууга укугу жок. КУК "Манас Ордонун" алдында илимий совет, анын иш-аракетинин натыйжалуулугун жакшыртуучу көмөктөшүү кеңеши түзүлөт, фондулук - сатып алуу комиссиясы музей фондусун дайыма толуктап турат, алар башкы директор тарабынан бекитилет.
КУК "Манас Ордо" илимий-изилдөө иштер тармагында:
- "Кыргыз Республикасынын Музейлер жана музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык музей фондунун эсебин алууну жүргүзөт. Коллекцияларды сактоо режимин камсыз кылат. Аукциондордо, лотереяларда, соода-сатыкта жана мамлекеттик башка ишканалардын берүүсү, уюмдар менен жеке адамдардан белек алуу, археологиялык казып алууларда жана башкалар менен материалдарды жыйноо аркылуу фондду толуктайт;
- Өздөрүнүн коллекциясына байланыштуу илимий-изилдөө иштеринин бардык түрлөрүн жүргүзөт, эстеликтерди изилдейт, алардын тарыхый, илимий, көркөм баасын аныктайт жана аларды илимий түрдө баяндап жазат;
- архивдерде, китепканаларда жана башка мекемелерде сакталуучу материалдарды иликтейт;
- жалпы тарыхый проблемаларды, ошондой эле тектеш тарыхый жана гуманитардык дисциплиналарды изилдейт;
- илимий концепцияларды, тематикалык-экспозициялык пландарды, илимий отчетторду, монографиялар менен макалаларды, илимий карточкаларды, каталогдорду, фонду баяндамаларын, илимий паспортторду, эстеликтер менен коллекциялардын баяндалышын иштеп чыгат жана баяндайт.