Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2017-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 35 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 20-апрели ПЖ № 105

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

 

"Билим берүү Маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ

 

Карашев Аалы Азимович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы;

Исаков Сапар Джумакадырович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Никитенко Наталья Владимировна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Сариева Эльвира Кубанычбековна

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Максутов Алтынбек Аскарович

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Кармышаков Улукбек Тойчуевич

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Саралаева Жанна Урматовна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Комиссиянын жооптуу катчысы.".

 

2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 22-январындагы № 15 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  

Президент

А. Атамбаев