Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2017-жылдын 13-мартындагы ПЖ № 48 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 20-февралы ПЖ № 35

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Ниязов Фарид Абилезимович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы;

Сариева Эльвира Кубанычбековна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Молдобекова Гүлкан Сакиновна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Казаков Түгөлбай Токтогулович

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Кудайбердиева Гульмира Каримовна

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Кармышаков Улукбек Тойчуевич

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Супаналиев Бекжан Торобаевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы.".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 105 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев