Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры № 35
2019 жылдын 14 март айынын № 14 токтомуна мусулман жана христиандардын көрүстөнүнө көмүү үчүн жер тилкесинин жөндөөсүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Таза Сокулук” муниципалдык ишканасынын директору Ж. Мурзаевдин мусулмандардын жана христиандардын көрүстөнүнө көмүү үчүн жер тилкесинин төлөм жөндөөсүнө толуктоолорду киргизүү зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылдык кеңешинин 2019 – жылдын 14 – мартындагы № 14 токтомуна толуктоолор киргизилсин;
2. Мусулмандардын көрүстөнүнө көмүү үчүн жер тилкесине төлөм жөндөөсү Сокулук айылдык кеңештин 2019 – жылдын 14 – мартындагы № 14 токтомуна ылайык алынсын;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн.
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К.Райымбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |