Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-апрели № 58/22-27
Жайыт комитетинин 2019-жылга карата жайыт колдонуучулардын мал башына төлөм акыларын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Юрьевка айыл кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жайыт колдонуучулардын мал башына төлөмдөрүнүн, жайыт комитетинин төрагасынын жана бухгалтеринин эмгек акысын бекитүүсүн талкуулап Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитети сунуштаган мал башына төлөмдөр төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
- Ири мүйүздүү бодо мал башына -100 сом
- Жылкы башына -100 сом
- Тай, торпок башына - 80 сом
- Кой, эчки башына -20 сом
- Жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы -3500 сом
- Жайыт комитетинин бухгалтеринин акысы -3000 сом
- Эмгек акылары 1-марттан 30-сентябрга чейин 9 айга эсептелсин
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Юрьевка айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Омуралиев |