Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 22
Александровка айылынын мазарындагы археология эстелигин (VII-III кк.биздин доорго чейинки) пайдалануу жана сактоо режимин камсыздоо жөнүндө
1999-жылдын 26-июлундагы Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурасты пайдалануу жана сактоо жөнүндө” №91 Мыйзамына жана 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 Мыйзамына ылайык, Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагындагы Александровка айылынын түштүк жагында жайгашкан республикалык маанидеги археология эстелигин сактоо максатында Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин №278 буйругу менен бекитилген коргоо зонасынын долбооруна ылайык Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагынын Александровка айылында жайгашкан жер участоктору №798, №799, №800, №801, №802, №803 контурларында жайгашкан жер участоктору – археологиялык мазарлар жана №804 контурдагы жер участогу мазарлардын коргоо зонасы болуп табылсын.
2. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагынын Александровка айылынын №798, №799, №800, №801, №802, №803, №804 контурларында жайгашкан жер учатокторун тарыхый-маданий мурас объектилери үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагынын Александровка айыл өкмөтү төмөнкүлөрдү эске алсын:
- Маданият, маалымат жана туризм Министрлиги менен биргеликте жогоруда аталган жерлерди өзгөчө корголуучу жерлер багытына которуу боюнча иштерди өткөрсүн;
- Мыйзамга ылайык жогоруда аталган жерлерди өз багытында гана пайдалануу режимин сактасын;
4. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагынын Александровка айыл өкмөтү Александровка айылынын мазарында жайгашкан археология буюмдарын сактоо үчүн жогоруда аталган эстеликтин жарымын бузуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте археолог кызматкерлерин тартуу менен авариялык иштерди (археологиялык изилдөө, казуу жана документтештирүү) уюштурсун.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Койчуманов |