Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры № 31
Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун бекитүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтү тарабынан “Александровка айыл аймагындагы коомдук мечет, медресе курулмаларын жана имараттарын баланска кабыл алуу жөнүндө” маалыматты угуп чыгып, Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигин оптималдуу колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” Мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 44-беренесинин 1-пунктунун негизинде Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Көрүк айылынын Касымкул көчөсүнүн номер 11 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1806,0 кв.метрди түзгөн коммдук мечет жана медресе имаратынын жана курулмаларынын, жана башка чарбалык курулмалардын алдындагы жер участогу Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитилсин.
2. Александровка айыл өкмөтү ушул объектини муниципалдык менчик объектилеринин реестрине киргизсин.
3. Александровка айыл өкмөтү Москва райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан жер участогуна муниципалдык менчик укугун каттатууга милдеттериндилсин.
4. Александровка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу бөлүмү жер кадастр документтерине өзгөртүүлөрдү киргизсин.
Александровка айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Койчуманов |