Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры № 33
Александровка айыл аймагындагы жайыт жерлерин башка максатта колдонуу жөнүндө
Александровка айыл аймагындагы жайыт комитетинин төрагасынын маалыматын угуп чыгып
Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына ылайык Александровка айыл аймагындагы жайыт жерлерин башка максатта колдонууга акы төлөө ставкасы бекитилсин, анын ичинде:
- Бал челекчилик – 450 (төрт жүз элү) сом 1,0га;
- Дары чөптөрдү чогултуу – 200 (эки жүз) сом 1,0га;
- Мөмө-жемиштерди чогултуу – 500 (беш жүз) сом 1,0га;
- Чөп жана отун дайындоо – 300 ( үч жүз) сом 1,0га;
- Мергенчилик – (Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, келишим боюнча);
- Жалпы таралган пайдалуу кеңдерди казуу – (Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, келишим боюнча);
- Туризм жана жарандардын эс алуусу – 1000 (бир миң) сом 1,0га.
Александровка айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Койчуманов |