Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 3-февралы №69
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
1-берене.
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1999-ж., №4, 193-берене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 27 жана 28-пункттар менен толукталсын:
"27. Кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүү жүргүзүү - имараттардын, курулмалардын, квартиралардын же башка кыймылсыз мүлктүн, ошондой эле жер участоктун иш жүзүндөгү чек араларынын техникалык мүнөздөмөсүн аныктоо.
28. Техникалык паспорт - кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн белгиленген формадагы документ.".