КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 3-февралы №73
"Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-пунктуна жана 65-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., №3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
40-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40-статья. Автордук, техникалык жана мамлекеттик
архитектуралык-курулуштук көзөмөл