Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 743 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 10-февралы №97
Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 653 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 1, 18, 50 жана 58-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежеси;
- дарак породалардын өсүп турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксалар;
- Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдер.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №269 "Кыргыз Республикасында жаратылыштык ресурстарды пайдалангандык үчүн акы алуунун нормативин жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы N 97 токтому менен бекитилген |