Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 10-февралы №101
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө
1. Бул Мыйзам норма чыгаруу ишинин принциптерин аныктайт, нормативдик укуктук актылардын түшүнүгүн жана түрлөрүн, алардын өз ара катнашын, аларды даярдоонун, кабыл алуунун жарыялоонун тартибин, ошондой эле аларды колдонуу эрежесин, чечмеленишин жана юридикалык талаш-тартыштардын чечилишин белгилейт.
2. Башка мыйзамдарда жана башка нормативдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын иш чөйрөсүнө тийиштүү мыйзамдардын нормалары ушул Мыйзамга ылайык келиши керек. Бул Мыйзам менен башка мыйзамдардын ортосунда талаш-тартыштар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын нормалары колдонулат.