Редакцияот 14.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 14-апрели № 291-V

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тапшырма жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2011-жылдын 31-мартындагы № 288-V "2010-жылдын 7-апрелиндеги тополоңдо курман болгондор жөнүндө анык эмес маалыматтар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия тарабынан мурда курман болгондордун тизмесинде жүргөн М.С.Максымбековго карата берилген материалдарды иликтөө жана жасалган иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдоо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Келдибеков