Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 303 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги N 215 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 354 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Маалыматтын бардык формаларын эркин жана кеңири жайылтууну, бул тармакта чет мамлекеттер менен кызматташууну кеңейтүүнү, журналистерди жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерин укуктук жактан коргоону камсыздоону жана алардын адистик ишмердүүлүктөрүн ишке ашырууга жагымдуу шарттарды түзүүнү, 1948-жылдагы адам укуктарынын Бардык декларациясынын жана 1966-жылдагы граждандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын, 1975-жылдагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Кеңешменин Корутунду актысынын, маалымат жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча ОБСЕнин кийинки документтеринин жоболорун сактоонун зарылчылыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк кабарчылардын адистик ишмердүүлүктөрүн жүзөгө ашырууга уруксат берилет.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчылардын укуктук абалы жана адистик ишмердүүлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары, ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери аркылуу жөнгө салынат.
3. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчылары катары, алардын граждандыгына карабастан, мезгилдүү басмалардын, радио, теле, видео жана кинохроникалуу программалардын, жалпыга маалымдоону мезгилдүү таратуунун башка формаларынын өкүлдөрү аккредиттелүүгө укугу бар.
II. Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчылар пункттарын ачуу жана чет өлкөлүк кабарчыларды аккредиттөө
4. Кыргыз Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Мыйзамынын 22-статьясынын биринчи бөлүмүнө ылайык чет өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өздөрүнүн кабарчыларын аккредиттөөгө жана кабарчылардын пункттарын ачууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк кабарчыларды аккредитөө Кыргыз Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Мыйзамынын 10-статьясынын бешинчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк кабарчы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу мамлекеттик органдардын же коомдук бирикмелердин алдында аккредиттеле алышат.
5. Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларынын пунктун ачуу, чет өлкөлүк кабарчыларды туруктуу же убактылуу аккредитациялоо тууралуу кайрылуу жазуу жүзүндө кызыкчылыгы бар жалпыга малымдоо каражаттарынын жетекчилиги аркылуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жиберилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражатынын кабарчыларынын пунктун ачуу, четөлкөлүк кабарчыларды туруктуу же убактылуу аккредиттөө тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кайрылуу менен кошо массалык маалымат каражатынын жетекчисинин колу коюлган расмий бланкага жазылган кат же ал тиешелүү өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык нотасы, жалпыга маалымдоо каражаты жөнүндө маалымат, ошондой зле кабарчынын өмүр баяны, кабарчылык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жана эки сүрөтү берилүүгө тийиш.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражатынын кабарчыларынын пунктун ачуу тууралуу чечим тиешелүү кайрылууну алгандан кийин, эки андан ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан соң Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
7. Чет өлкөлүк кабарчыны туруктуу негизде аккредиттөө тууралуу чечим улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат. Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талаптары улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жазуу жүзүндөгү тийиштүү кайрылууну алган күндөн тартып 15 жумуш күнүнөн ашпаган убакытта каралат. Аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчы тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан эки жылга чейинки колдонуу мөөнөтү менен туруктуу аккредиттөө жөнүндө күбөлүктү алат.