Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1992-жылдын 2-июлу № 938-XII
Массалык маалымат каражаттары жөнүндө
(КР 1993-жылдын 8-майындагы № 1228-XII, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2014-жылдын 17-майындагы № 69, 2017-жылдын 4-январындагы № 1, 2017-жылдын 30-майындагы № 94, 2018-жылдын 22-майындагы N 53, 2023-жылдын 26-апрелиндеги N 94, 2023-жылдын 9-августундагы № 176 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(КР Жогорку Советинин 1992-жылдын 2-июлундагы № 939-XII токтому менен кабыл алынган)
Бул Мыйзам билдирүүлөрдү массалык маалымат каражаттары аркылуу уюштуруунун жалпы укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерине аныктайт.
Мыйзам массалык маалымат каражаттарынын эркин иш жүргүзүшүнө багытталып, алардын мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, ишканалар, уюмдар жана граждандар менен болгон мамилелерин жөнгө салат.
I глава Жалпы жоболор
1-статья. Массалык маалымат каражаттары
Мамлекеттик органдар, маалымат агентстволору, саясий, коомдук жана башка уюмдар, жеке адамдар тарабынан чыгарылуучу газеталар, журналдар, аларга тиркемелер, альманахтар, китептер, бюллетендер, калкка таратууга арналган, туруктуу аталышы бар бир жолку басылмалар, ошондой эле телерадиоканалдар, кино жана көрсөтмө студиялар, мамлекеттик органдар, маалымат агентстволору, саясий, коомдук жана башка уюмдар жеке адамдар тарабынан чыгарылуучу уктурма жана көрсөтмө жазылмалар менен программалар массалык маалымат каражаттарына таандык кылынат.
Массалык маалымат каражаттарын цензурлоого жол берилбейт.
Мезгилдүү басылманын өзүнчө номеринин нускасы же нускасынын бир бөлүгү, телеканалдын, радиоканалдын, радиопрограмманын, телепрограмманын, кинохроникалык программанын, программанын уктурма- же көрсөтмө жазылмаларынын нускасы же нускасынын бир бөлүгү, башка массалык маалымат каражатынын өзүнчө чыгарылышы массалык маалымат каражаттарынын продукциясы деп түшүнүлөт.
Мезгилдүү басылманы сатуу, жазылуу, жеткирүү, таратуу, программанын уктурма-же көрсөтмө жазылмалары, телерадио берүү, кинохроникалык программаны көрсөтүү, таратуунун башка ыкмалары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуу деп түшүнүлөт.
Редакциядан тышкары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуучусу редакция, анын ыйгарым укуктуу адамы, басып чыгаруучу менен келишим боюнча же башка мыйзамдуу негиздерде кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак боло алат.
(КР, 2017-жылдын 30-майындагы № 94, 2018-жылдын 22-майындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)