Редакцияот 12.06.2000
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

2000-жылдын 12-июну № 331

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас

районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев

атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 5-статьясына жана Талас районундагы  Көпүрө-Базар  айыл  кеңешин  Рысбек

Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө Талас  областтык  кеңешинин

1999-жылдын 24-августундагы сессиясынын чечимине ылайык Кыргыз  Республикасынын Өк-

мөтү токтом кылат:

1.  Талас областтык, Талас райондук, Көпүрө-Базар айыл кеңешинин Талас районун-

дагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев  атындагы  айыл кеңешине  өзгөртүп

кайра атоо жөнүндө сессияларынын чечимдерине макулдук берилсин.

2.  "Кыргыз  Республикасынын Талас  областынын  Талас районундагы  Көпүрө-Базар

айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

3.  Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароо-

суна жиберилсин.

4. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  палата-

лары караган учурда Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн туруктуу  өкүлү У.С.Орозалиев  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  расмий

өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр                                                         А.Муралиев

 

     Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

 

Кыргыз Республикасынын Талас областынын

    Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин

   Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине

 өзгөртүп атоо жөнүндө

 

1-статья.

 

Кыргыз Ресиубликасынын Талас областынын Талас  районундагы Көпүрө-База р айыл

кеңеши Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп кайра аталсын.

 

2-статья.

 

Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган учурдан тартын күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

  Президенти