Редакцияот 25.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 25-декабры № 3716-V

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө» (« Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д. Бекешев, Т. Бакир уулу жана Ш. Айтматова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын толукталып иштелип чыгылган долбоорун экинчи окууда кароо үчүн киргизсин)

Төраганын орун басары

Б. Мамырова