Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 21-октябры № 575
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233, 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгын эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11 "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык," деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
- 1-3-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 5-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:
1-тиркеменин жыйырма алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу";