Редакцияот 01.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 1-июну № 633-VI

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту тууралуу

"Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчётун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту эске алынсын (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылы республиканын бардык аймактарын санариптик телеберүүгө толук өткөрүү үчүн чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын иши жөнүндө ар жылдык отчётту даярдоону Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырсын;

- КТРканын ишин жакшыртууга, телерадио берүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган сунуштарга, сын-пикирлерге, кайрылууларга өзгөчө көңүл бурсун;

- кабыл алынган чечимдерди контролдоону күчөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетиңе (С.Шер-Нияз) жүктөлсүн.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков