Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2015-жылдын 23-декабры № 78/23
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу";
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө";
- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу";
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө";
- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө".
2. Бул токтом, Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна жана 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна сунушталган, 2016-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кире турган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске албаганда, расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун 4.3.5-пункту, ушул токтом күчүнө кирген күндөн кийинки алты ай ичинде күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага | Т.Абдыгулов |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23 токтомуна тиркеме |
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү" жобонун:
1) 1.1-пунктундагы "бардык коммерциялык банктарга" деген сөздөр ", анын ичинде банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулган атайы терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.1. Ликвиддүүлүк ченеми (К3.1) 45%дан төмөн болбогон деңгээлде колдоого алынып турууга тийиш.";
3) 4.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.2. Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
К3.1 = (ЛА / ОБ) * 100%, мында:
1) ЛА - ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет:
- банктын кассасындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары;
- Улуттук банктагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар;
- банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар;
- төлөө мөөнөтү 7 күндү түзгөн банктар аралык депозиттер;
- мамлекеттик казына векселдери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банк тарабынан чыгарылган башка жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар (мындан ары - "жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар"). Бул баалуу кагаздар ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө сый акыны (дисконтту) жана өздөштүрүлбөгөн (реализацияланбаган) пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эсепке алынат;
- репо-келишими боюнча сатылып алынган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар.
2) БМ - банктын милдеттенмелери, ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө аларга төмөнкүлөр кирет:
- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары;
- эгерде келишим шарттарында акча каражаттарын бөлүп толуктоо жана/же азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишимди токтотуусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз эле, кардар тарабынан мөөнөтү бүткөнгө же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин эле акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы;
- банк тарабынан чыгарылган векселдерди жана башка баалуу кагаздарды кошо алганда, кайсы болбосун башка милдеттенмелер, кайтарым репо-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелер, ошондой эле алар боюнча эсептешүү отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде келип жеткен, баланстан тышкаркы милдеттенмелер.";
4) 4.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.4. Банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган кайсы болбосун ликвиддүү активдер, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар ликвиддүү активдердин курамынан чыгарылат.";
5) жобо төмөнкү мазмундагы 4.8.- 4.17-пункттар менен толукталсын:
"4.8. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин (К3.2) 35%дан төмөн болбогон деңгээлде колдоп туруу зарыл.
4.9. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми (К3.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат:
К3.2 = (ВЛА / КОБ) * 100, мында:
1) ВЛА - жогорку ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет:
а) банктын кассасындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары;
б) Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар;
в) аффилирленген банктарды эске албаганда, "Standard & Poor's" (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган, "BB" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же башка эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган ушундай эле рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар;
г) эгерде келишим шарттарында депозитти 7 күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, "Standard & Poor's" (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган, "BB" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же башка эларалык рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган ушундай эле рейтингге ээ банктардагы депозиттер;
д) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары;
е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, төлөө мөөнөтү 7 күнгө чейин каралган мамлекеттик баалуу кагаздар;
ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, мамлекеттик баалуу кагаздардын (ушул жобонун 4.9-пунктунун "е" пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды эске албаганда) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун алдындагы милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50%ынан ашпаган өлчөмдөгү үлүшү;
з) репо-келишими боюнча сатылып алынган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар.
2) КОБ - кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:
а) юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүдөгү акча каражаттары;
б) эгерде келишим шарттарында акча каражаттарын бөлүп толуктоо жана/же азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишимди токтотуусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз эле, кардар тарабынан мөөнөтү бүткөнгө же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин эле акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы;
в) башка милдеттенмелер, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр 7 күн ичинде жүзөгө ашырылууга тийиш болгон баланстан тышкаркы милдеттенмелер;
г) ушул пунктчанын "а"-"в" абзацтарына кирбеген, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу алдындагы милдеттенмелердин жалпы суммасынын 50%ы.
4.10. Банктын милдеттенмеси боюнча камсыздоо болуп саналган, кандай болбосун ликвиддүү активдер, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар, ликвиддүү активдердин курамынан чыгарылат.
4.11. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк тобокелдигин басаңдатуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк, орточо жумалык маалыматтардын негизинде (7 календардык күн) иш күндөрүн, эс алуу күндөрүн жана майрам күндөрүн кошо алганда, отчеттук жума ичинде кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин сакталышын камсыз кылууга тийиш. Орточо жумалык маалыматтарды эсептөөдө, операциялык күндүн акырына карата абал боюнча күндөлүк маалыматтар эсепке алынат. Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасында эсептелинет.
4.12. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченемин (К3.3) депозиттик базасы (юридикалык жактардын, жеке адамдардын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун эсептери) бүтүндөй банк тутумунун депозиттик базасынын 8%ын жана андан көбүрөөгүн түзгөн банктар колдоого алып турууга тийиш.
4.13. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченеми (К3.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат:
К3.3 = (ВЛА / КОБ) * 100%, мында:
1) ВЛА - жогорку ликвиддүү активдер:
- банкоматтардагы акча каражаттарын кошпогондо, банктын кассасындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар;
- аффилирленген банктарды эске албаганда, "Standard & Poor's" (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган, "BB" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же башка эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган ушундай эле рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар;
2) КОБ - кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:
- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүлөрдөгү акча каражаттар;
- башка милдеттенмелер, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук операциялык күн ичинде ишке ашырылган баланстан тышкаркы милдеттенмелер.
4.14. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк тобокелдигин басаңдатуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк дароо толуктоо ченемин отчеттук операциялык күндүн акырына карата да так сактоого тийиш.
4.15. Банктын тобокелдикти тескөө саясаты кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө жөнүндө жобону камтууга тийиш, анда эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылуусу зарыл:
- каражаттардын күндөлүк агылып кирүүсүн жана агылып чыгуусун өлчөө жана ага мониторинг жүргүзүү, ошондой эле кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүккө болгон күндөлүк керектөөнү контролдоо үчүн банктын жогорку ликвиддүү активдеринин жана кыска мөөнөттүү милдеттенмелерин ордун жабуу мөөнөттөрүндөгү ажырымга күндөлүк мониторинг жүргүзүүнү;
- зарыл болгон кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүктү болжолдоону;
- депозиттик базанын түзүмүнө жана туруктуулугуна баа берүүнү;
- ресурстардын наркын;
- акча рыногунда карыз алуу жөндөмдүүлүгүн;
- активдердин сапатын;
- баланстан тышкаркы милдеттенмелердин аткарылышын;
- ликвиддүүлүккө байланыштуу кооптуу жагдайлар келип чыккан шартка карата пландаштырууну;
- чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүктү тескөөнү;
- кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүк тобокелдигинин тескөөгө алынышына ички контролдукту;
- жетекчиликке сунушталуучу отчетторду.
4.16. Дароо толукталчу ликвиддүүлүк ченемин (К3.3) сактоого тийиш болгон банктардын тизмеги, ошондой эле айкын бир банк үчүн ченемдин (К3.3) мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.
4.17. (К3.1), (К3.2) жана (К3.3) ченемдери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылбайт.";
6) 11.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"11.1. Банктын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн жана Борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестициялоосунун жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100% өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө-мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org. дареги боюнча расмий сайтында жайгаштырылган.";
7) 13-бөлүктүн аталышындагы "экономикалык ченемдер" деген сөздөр "жана банктын капиталынын кошумча запасын колдоо ("капитал буфери" көрсөткүчү)" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 13.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"13.1. Банктар бардык экономикалык ченемдерди күндөлүк негизде (ликвиддүүлүк ченемин, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнгөн депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эске албаганда) сактоого тийиш. Ликвиддүүлүктүн жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнгөн депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемдери отчеттук мезгил ичинде (бир ай) сакталат. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми отчеттук мезгил ичинде (бир жума) сакталууга тийиш. Банктар күн сайын капиталдын кошумча запасын колдоп турушу зарыл ("капитал буфери" көрсөткүчү).
Экономикалык ченемдердин жана талаптардын банктар тарабынан сакталышын, капиталдын кошумча запасынын колдоого алынышын ("капитал буфери" көрсөткүчү) текшерүү бухгалтердик баланстын негизинде кайсы болбосун күнгө карата абал боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Алар күндөлүк/жумалык негизде эсептелинүүгө тийиш.";
9) жобого карата 4-эскертүү күчүн жоготкон катары таанылсын;
10) 1-тиркеменин:
- 1-таблицасынын:
- "Экономикалык ченемдер жана талаптар" деп аталган сабы төмөнкү редакцияда берилсин:
"
Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы, банк капиталынын кошумча запасы ("капитал буфери" көрсөткүчү) | Белгилөөлөр | Ченемди жана банктын капиталынын кошумча запасын ("капитал буфери" көрсөткүчүн) эсептөө | Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынын ("капитал буфери" көрсөткүчүнүн) айкын мааниси | Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынынын ("капитал буфери" көрсөткүчүнүн) маанисин белгилөө | Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынынын ("капитал буфери" көрсөткүчүнүн) белгиленген маанисинен четтөөлөр |