Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 2017-Б-14/48-3-(ПС) токтомуна караттиркеме |
Төлөм системасында келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. "Төлөм системасында келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) негизги түшүнүктөр жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине, ошондой эле төлөм системасында төмөнкүлөргө байланыштуу өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда персоналдын чара көрүүсүнө карата талаптар аныкталган:
- ишенимдүүлүк жана үзгүлтүксүздүк;
- пайдалануу мүмкүнчүлүгү;
- системадан санкциясыз пайдалануу жана алдамчылыкка жол берүү;
- форс-мажордук жагдайлар.
2. Бул жобонун талаптары өз ишин Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Электрондук башкаруу жөнүндө" (мындан ары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары) мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган төлөм системасынын катышуучуларына жана операторлоруна таркатылат.
3. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы өзүндө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- системалуу мааниге ээ төлөм системаларын;
- маанилүү төлөм системаларын;
- башка төлөм системаларын.
4. Белгиленген критерийлерге ылайык улуттук төлөм системалары өзүнчө бөлүп көрсөтүлөт.
5. Төлөм системасынын жана төлөм системасы инфраструктурасынын ишин уюштуруу процессинде системанын штаттык режимде иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда иш жөндөмдүүлүгүнө карата терс таасирлерди кыскартуу каралууга тийиш.
6. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин колдоого алуу үчүн төмөнкү талаптар аткарылууга тийиш: