Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры №2018-П-14/37-3-(ПС)
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Коммерциялык банктар жана акча каражаттарын которуу системаларынын операторлору Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин 3.7-пунктунун талаптарын 2018-жылдын 1-декабрына чейин аткарсын.
5. Толом системалары башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана акча каражаттарын которуу системаларынын оператор л орун тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Улуттук банктын торагасынын орун басары, айым М.А. Момункуловага ыйгарылсын.
Торага: | Т. Абдыгулов |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы №2018-П-14/37-3-(ПС) токтомуна тиркеме |
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин:
- 1.2-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтары менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системалары боюнча акча которуулар алуучуга жөнөтүүчү көрсөткөн жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сомдон айырмаланган которуу/төлөө валютасында сунушталат.
Акча которуу системасы боюнча келип түшкөн которулган акчаларды которуу/төлөө валютасынан башка валютага конвертациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.».
- 1.5-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Өзүнүн акча которуу системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары акча которууларды ишке ашыруу боюнча акча которуулар системасынын оператору - Кыргыз Республикасынын резидентинин иши мындай ишти жүзөгө ашырган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.».
- 2.3-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары акча которуу системасы аркылуу башка жеке адамга (алуучуга) андан ары которуу үчүн жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебинен төлөмдөр аталган операция жана толом өздүк, коммерциялык эмес мүнөзгө ээ болгон шартта ишке ашырылышы мүмкүн».
- 2.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«Жөнөтүүчү - бул, акча которууну банктык эсеп ачуусуз, нак акча каражаттарын банкка өткөрүп берүү же жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебинен акча каражаттарын жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн алуучунун пайдасына жөнөтүүнү демилгелеген жеке адам».
- 2-глава төмөнкү мазмундагы 2.10-пункт менен толукталсын:
«2.10. ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык которуулар топтому - бир катар жеке акча которуулардан турган, бир финансылык мекеменин (банктын) дарегине жөнөтүлүүчү жана бир же ар башка адамдарга жөнөтүлүшү мүмкүн болгон которуу.».