Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-П-14/53-8-(ПС) токтому менен бекитилген |
Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФКО) токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава.
Жалпы жоболор
1. «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) тарабынан төмөнкү иш багыттарын лицензиялоо тартиби белгиленген:
а) өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо;
б) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.
2. Бул Жобонун талаптары коммерциялык банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган агенттердин ишине, өз ишин Улуттук банктан алынган лицензиянын негизинде жүзөгө ашырган банк эмес финаны-кредит уюмдарынын ишине таркатылбайт.
3. Ушул Жобонун талаптары бузууга жол берилген шартта Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системасынын операторуна жана/же төлөм уюмуна карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
4. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында каралган аныктамаларга ылайык келген терминдер колдонулган.
Мындан тышкары, Жобонун чегинде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Агент – төлөм уюму менен жеке адамдардан жана юридикалык жактардан төлөмдөрдү сунуштоочулардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгөашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер.
Агенттик келишим – төлөм уюму менен агент ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча түзүлгөн агенттик келишим. Мында, агенттин сунуштоочу алдында иш-аракеттери үчүн төлөм уюму жооп берет.
Кызмат адамдары – аткаруучу органдын төлөм уюмунун күндөлүк ишин жүзөгө ашырган мүчөлөрү, Башкарманын мүчөлөрү, башкы директор/техникалык директор/директор (төлөм системасынын техникалык ишине жооп берген жетекчи), башкы директордун/техникалык директордун/директордун орун басары, башкы бухгалтер/бухгалтер.
Өтүнүч ээси – төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган юридикалык жак.