Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2009-жылдын 8-апрели № 224
"Тышкы кыйынчылыктардан арылуу үчүн каржылоо механизмдери менен колдоого алынган 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын (ЕСФ)" ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылга иш-чаралар планы жөнүндө
2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын ишке ашыруу боюнча 2009-жылга иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тышкы кыйынчылыктардан арылуу үчүн каржылоо механизмдери менен колдоого алынган 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын (ЕСФ) ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылга тиркелген иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Аталган Пландын иш-чараларын аткаруу боюнча жооптуу аткаруучулар болуп эсептелген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Иш-чаралар планын сөзсүз аткарууну камсыз кылышсын;
- жогоруда аталган Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты ай сайын, айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун;
- Иш-чаралар планын ишке ашырууда пайда болгон проблемалар жөнүндө өз убагында кабарлашсын жана аларды чечүү тууралуу тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жалпы маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Иш-чаралар планын сапатсыз жана өз убагынан кечиктирип аткаргандыгы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
Премьер-министр Улуттук банкынын төрагасы | И.Чудинов М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 8-апрелиндеги № 224 токтому менен бекитилген |