Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 16-апрели №234

Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө

Консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдарды бир түргө келтирүү, аларды Кыргыз Республикасынын консулдук ишмердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. "Консулдук жыйымдар жана консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруудагы иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-июлундагы № 502 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов