Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 839
Консулдук жыйымдар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219, 2018-жылдын 23-майындагы № 250, 2021-жылдын 5-мартындагы № 73, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 326, 2022-жылдын 19-октябрындагы № 579, 2023-жылдын 3-мартындагы № 133, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 , 2025-жылдын 10-январындагы № 3, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы N 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бекитилсин:
- Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары, 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219, 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтому күчүн жоготту деп табылсын:
- 2009-жылдын 16-апрелиндеги № 234 «Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө»;
- 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 578 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-апрелиндеги № 234 «Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж. Сатыбалдиев |
| 2-тиркеме |
Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын СТАВКАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219, 2018-жылдын 23-майындагы № 250, 2021-жылдын 5-мартындагы № 73, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 326, 2022-жылдын 19-октябрындагы № 579, 2023-жылдын 3-мартындагы № 133, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 , 2025-жылдын 10-январындагы № 3, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо каралгандан башка учурларда, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей.
2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219 токтомуна ылайык күчүн жоготту)