Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 15-октябрындагы № 642
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлери үчүн форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө
(2010-жылдын 11-октябрындагы №236 токтомунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(2010-жылдын 11-октябрындагы №236 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын атайын наамдары бар кызматкерлери үчүн форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин тиркелген сыпаттамасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери үчүн форма кийимдерин кийүү жана айырмалоо белгилерин тагынуу эрежесин буйрук менен бекитсин.
(2010-жылдын 11-октябрындагы №236 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
К. Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-октябрындагы № 642 токтому менен бекитилген |
(2010-жылдын 11-октябрындагы №236 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Форма кийимдеринин сыпаттамасы
Кышкы пальто
Пальто эки жакка кымтыланма, денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн алтын түстүү алты формалык топчуга топчуланат, жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеңдери кош тигиштүү. Улук жана орто курамдагылар үчүн күңүрт-көк түстөгү драптан тигилет.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн пальто бозомтук-көгүш түстөгү драптан, 1-рангдагы салык кызматынын кеңешчиси деген атайын наамдары бар адамдар үчүн кочкул-көк түстөгү драптан. Жакасы каракүл, жеңдери тилик, кош тигиштүү, тиликке Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн алтын түстүү кичине өлчөмдөгү экиден топчу кадалган.
Аялдар үчүн - пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө, бир жагына кымтыланма, жакасы кайырма Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн төрт формалык топчуга топчуланат.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар аялдар үчүн пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө бозомтук-көгүш түстөгү кездемеден тигилет, 1-рангдагы салык кызматынын кеңешчиси деген атайын наамдары бар аялдар үчүн күңүрт-көк түстөгү кездемеден тигилет, эки жакка кымтыланма, ичине ватин салынган. Жакасы кайырма, жаканын жогорку бөлүгүнө, кайрууларына, манжеттерине жана жеңине каракүл салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн алты формалык топчуга топчуланат.
Эркектердин кышкы күрмөсү
Күрмө кочкул көк түстөгү жылууланган кездемеден тигилет, жасалма мех жакалуу жана чыгарып коймо баш чүмбөттүү, түз тигилген, боору сыдырма жана тырс этмелер салынган. Өңүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички тилкелери, капкалдырыктуу каптама төш чөнтөгү жана капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар, жакасы кайырма, жасалма мехтен. Учасы туташ бычылган, бел сызыгы боюнча ички тилкелери бар. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Жеңинин учу ичин карай бүгүлүп, туюк тигилген.»;
Кышкы бут кийим
Өтүк мех менен ичтелген кара булгаарыдан ултарылат, эркектер үчүн кончу кыска жана аялдар үчүн кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынган.
Плащ күңүрт-көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчулануучу бир жагына кымтыланма, ичилик салынган, тогоо менен курчалуучу куру бар. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу. Өңүрлөрү кокеткалуу, кыюуланган тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу жана тигиш дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңи кош тигиштүү, уч жагы тигилген жең тарткычтуу, анын бош учтары бүчүлүккө топчуланат.
Жазгы-күзгү куртка