Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-февралы № 9
Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтом менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө" жобосуна, аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2019-жылдын 6-февралындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2018-жылдын 8-октябрындагы кайрылуусунун негизинде, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин жыйналыштарынын токтомдорунун, саясий партиялардын протоколдорунун негизинде, ошондой эле 2019-жылдын 6-февралындагы чүчүкулактын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине, алардын саны аймактык шайлоо комиссиялары боюнча мүчөлөрүнүн каралган санынан ашпаган саясий партиялардын талапкерлери, № 1 тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын резервине, 2-тиркемеге ылайык, 2019-жылдын 6-февралында өткөрүлгөн чүчүкулактын жыйынтыгына ылайык саясий партиялардын талапкерлери киргизилсин.
3. Аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2019-жылдын 6-февралындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери 3-тиркемеге ылайык киргизилсин.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 8-февралындагы № 9 токтомуна 1-тиркеме |
Баткен облусу | ||
Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине чүчүкулак өткөрүлбөй киргизилген саясий партиялардын өкүлдөрү | ||
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Ибраимов Атамали | "Замандаш" саясий партиясы |
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине чүчүкулак өткөрүлбөй киргизилген саясий партиялардын өкүлдөрү | ||
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Токтосунов Бакытбек Гайбиллаевич | "Замандаш" саясий партиясы |
Жалал-Абад облусу | ||
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын резервине чүчүкулак өткөрүлбөй киргизилген саясий партиялардын өкүлдөрү | ||
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Шеркулов Батырбек Асанович | "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясы |
Ысык-Көл облусу | ||
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын резервине чүчүкулак өткөрүлбөй киргизилген саясий партиялардын өкүлдөрү | ||
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Сабаев Мирзат Асанович | "Партия Зеленых Кыргызстана" саясий партиясы |
Ош облусу | ||
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине чүчүкулак өткөрүлбөй киргизилген саясий партиялардын өкүлдөрү | ||
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Садыков Максымбек Бурканович | "Республика-Ата Журт" саясий партиясы |
Талас облусу | ||
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын резервине чүчүкулак өткөрүлбөй киргизилген саясий партиялардын өкүлдөрү | ||
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Бодошова Багиля Сапаралиевна | "Замандаш" саясий партиясы |
Чүй облусу | ||
Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын резервине чүчүкулак өткөрүлбөй киргизилген саясий партиялардын өкүлдөрү | ||
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Толоев Талант Шейшенбекович | "Патриот Ынтымагы" саясий партиясы |
Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын резервине чүчүкулак өткөрүлбөй киргизилген саясий партиялардын өкүлдөрү | ||
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Кадырбаев Таалайбек Ишенбаевич | "Элдик-Народная" саясий партиясы |
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын резервине чүчүкулак өткөрүлбөй киргизилген саясий партиялардын өкүлдөрү | ||
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Сагынбаев Калыбек Дурусбекович | "Эмгек партиясы" саясий партиясы |