Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-майы № 63
2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа, Алай, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколдорун бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы ПЖ № 41 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Алай районунун Кабылан-Көл, Ноокат районунун Исанов, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Кеңеш айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участкасы түзүлгөн. Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 11 мандатка 21 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 1890ду түзүп, анын ичинен 905 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 47,88% түзөт.
Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Кабылан-Көл айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участкасы түзүлгөн. Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 11 мандатка 28 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 1620ны түзүп, анын ичинен 706 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 43,58% түзөт.
Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешинде мандаттардын саны 31ди түзөт. Исанов айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 6 шайлоо округу жана 7 шайлоо участкасы түзүлгөн. Исанов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 31 мандатка 64 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 9057ни түзүп, анын ичинен 4207 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 46,45% түзөт.
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Отуз-Адыр айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округу жана 7 шайлоо участкасы түзүлгөн. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 21 мандатка 61 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 10263тү түзүп, анын ичинен 4222 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 41,25% түзөт.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык:
- № 5016 жана № 5471 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган;
- № 5143 жана № 5439 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган;
- № 5372, 5487, 5373, 5374, 5375, 5486 жана № 5569 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган;
- № 5184, 5446, 5185, 5186, 5189, 5190 жана 5447 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (2-тиркеме).
3. Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (3-тиркеме).
4. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (4-тиркеме).
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Кулжа, Алай, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 63 токтомунун 1-тиркемеси |
2019-жылдын 19-майы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
ОШ ОБЛУСУ, КАРА-КУЛЖА РАЙОНУ, КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
(облустун, райондун, аймактын аталышы)
ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
ПРОТОКОЛ
Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо:
I. 2019-жылдын 19-майындагы Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблица тиркелет).
II. Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана № 1, 2 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№ 1 Кенеш 8 мандаттуу округ боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1. | Абдылдаев Муратбек Ысакович | 229 |
2 | Айтиев Нурбек Алимжанович | 211 |
3 | Бекмурзаев Абдилашим Маматеминович | 130 |
4 | Жунусов Шавкат Топчубаевич | 247 |
5 | Мамадияр уулу Рахматилла | 213 |
8 | Маметова Сонунбү Бакировна | 85 |
7 | Мансуров Расулбек Жанышович | 135 |
8 | Мансурова Эркайым Жанышовна | 102 |
9 | Матиев Нургазы Бакапович | 193 |
10 | Парпиев Темирбек Исматилдаевич | 276 |
11 | Сабаев Нурали Маматкулович | 164 |
12 | Тойчуева Зумурат Токоевна | 194 |
13 | Уланбек уулу Дөөлөтбек | 202 |
№ 2 таблица
№ 2 Пор 3 мандаттуу округ боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1 | Акматалиев Алмазбек Жапарович | 93 |
2 | Ашимов Жумали Абдираимович | 146 |
3 | Нуруев Токтомамат Шакирович | 109 |
4 | Пусурманкулов Маратбек Матишович | 62 |
5 | Рысбеков Сүйүнбек Салмаматович | 72 |
6 | Токторов Дүйшөбек Орозалиевич | 104 |
7 | Турдуев Абдыбек Сакунович | 98 |
8 | Эминов Нурлан Мамасабирович | 19 |
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
Шайлоонун натыйжалары боюнча Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттары болуп төмөнкү талапкерлер шайланды (№ 1, 2 таблица)
№ 1 таблица
№ 1 Кеңеш 8 мандаттуу округ боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1 | Парпиев Темирбек Исматилдаевич | 276 |
2 | Жунусов Шавкат Топчубаевич | 247 |
3 | Абдылдаев Муратбек Ысакович | 229 |
4 | Мамадияр уулу Рахматилла | 213 |
5 | Айтиев Нурбек Алимжанович | 211 |
6 | Уланбек уулу Дөөлөтбек | 202 |
7 | Тойчуева Зумурат Токоевна | 194 |
8 | Матиев Нургазы Бакапович | 193 |
№ 2 таблица
№ 2 Пор 3 мандаттуу округ боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1 | Ашимов Жумали Абдираимович | 146 |
2 | Нуруев Токтомамат Шакирович | 109 |
3 | Токторов Дүйшөбек Орозалиевич | 104 |
Протокол 2019-жылдын 20-майында 18 саат 30 мүнөттө түзүлдү.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колтамгалары:
1. | Төрага | м.о. | ____________________ (колтамга) | Торобекова Назгул (Фамилиясы, А.А.) |
2. | Катчы |
| ____________________ (колтамга) | Турганбаев Кыялбек (Фамилиясы, А.А.) |
3. | Мүчөлөрү |
| ____________________ (колтамга) | Ашимова Гулсана. (Фамилиясы, А.А.) |
4. |
|
| ____________________ (колтамга) | Жалалов Калмамат (Фамилиясы, А.А.) |
5. |
|
| ____________________ (колтамга) | Орозбаев Дөөлөтбек (Фамилиясы, А.А.) |
6. |
|
| ____________________ (колтамга) | Кармышакова Токтайым (Фамилиясы, А.А.) |
7. |
|
| ____________________ (колтамга) | Жээнбекова Динара (Фамилиясы, А.А.) |
8. |
|
| ____________________ (колтамга) | Мамажунусов Аманбай (Фамилиясы, А.А.) |
9. |
|
| ____________________ (колтамга) | Ильясова Бегайым (Фамилиясы, А.А.) |
10. |
|
| ____________________ (колтамга) | Молдобаева Турдубу (Фамилиясы, А.А.) |
11. |
|
| ____________________ (колтамга) | Абдыкадыров Куштарбек (Фамилиясы, А.А.) |
12. |
|
| ____________________ (колтамга) | Рысбай уулу Азамат (Фамилиясы, А.А.) |