Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 283-VIII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
2012-жылдын 30-майы N 1942-V
Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасы аныкталсын (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
кол коюу барагынын формасын толтуруунун, кол коюу барагындагы шайлоочулардын койгон колдорун ырастаган демилге тобунун мүчөсүнүн койгон колун ырастоонун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны 2012-жылдын 1-сентябрына чейин иштеп чыксын жана бекитсин;
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Э.Ж.Алымбеков) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| А.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 30-майындагы N 1942-V токтомуна тиркеме |
КОЛ КОЮУ БАРАГЫ
Демилге тобун каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери | Каттоо датасы | Каттоо жөнүндө күбөлүк берген органдын аталышы |
|
|
|
Биз, төмөндө кол койгондор, "___________" газетасынын 20__-жылдын "__"_________ N ___ жарыяланган (ЖМКнын аталышы, чыгуу датасы жана номери)
_______________________________________________________________________