Редакцияот 02.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 2-февралы № 27-VII

К.А.Дуйшеевди өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктун, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Карыбек Арстанбекович Дуйшеевди өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов