Редакцияот 16.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 16-февралы № 66-VII

А.Б.Бейшеналиевди Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-февралындагы ПЖ № 38 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Алмазбек Бейшеналиевич Бейшеналиевди Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов