Редакцияот 21.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 21-апрели № 208-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Ар кандай;

"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Темир жол транспорту жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Э.Гареев атындагы ботаникалык багы илимий-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

2022-жылдын туристтик сезонуна карата даярдык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов