Редакцияот 06.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 6-октябры № 519-VII

Т.К.Текебаевди Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 3-октябрындагы ПЖ № 340 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Текебаев Тилек Кыдырмаевичти Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары

Н.О.Сыдыгалиев