Редакцияот 07.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 7-декабры № 705-VII

 Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкердин сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Айдарбекова Чинара Аскарбековна курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын кызмат ордуна шайлансын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.

 

Төраганын орун басары

 

Н.А. Азыгалиев